КРдин Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Душанбе шаарында өткөн КМШга катышуучу мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

1814

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2022-жылдын 13-майында Душанбе шаарында өткөн КМШга катышуучу мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

КМШга катышуучу мамлекеттердин тышкы саясий ведомстволорунун башчылары актуалдуу эл аралык жана аймактык көйгөйлөр жана Шериктештиктин алкагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

Министр Ж.Кулубаев өз сөзүндө КМШны түзүүнүн негизги жана бузулбас принциби формулировкасында белгиленгендигин, мамлекеттерибиздин ортосундагы достук, ынак коңшулук жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелерин мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо элдерибиздин улуттук кызыкчылыктарына жооп берип, тынчтык жана коопсуздук ишине кызмат кыла тургандыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары, министр жалпы экономикалык абалдын начарлашына жол бербөө боюнча аракеттерди координациялоо жана чараларды көрүү, биринчи кезекте Россияга карата киргизилген чектөөлөр жана санкциялар шартында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыкчам чара көрүү зарылдыгын белгиледи.

Ал экономиканы диверсификациялоо, инвестициялык активдүүлүктү активдештирүү жана өз ара сооданы стимулдоо, товарларды жана кызматтарды көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу, ошондой эле Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн экономикалык субъекттери чарба жүргүзүүсү үчүн бирдей шарттарды түзүү боюнча биргелешкен иштердин маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Андан ары кыргыз тарап түзүлүп жаткан геосаясий кырдаалда Шериктештиктин саясий компонентин күчөтүү, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип каршы туруу үчүн уюмда ынтымактуу жана достук маанайда өз ара аракеттенүү боюнча саясий көз караштарды бириктирүү зарыл экендигин белгиледи.

Шериктештик бүгүнкү күндө маанилүү сүйлөшүү аянтчасы экенин баса белгиледи. Бул түзүмдүн бедели жана актуалдуулугу биздин мамлекеттерибиздин ортосундагы негизги, курч маселелерди тынчтык жолу менен чечкенде жогорулай тургандыгын моюнга алуу керек.

Ошондой эле, тышкы саясий ведомстволорунун башчылары КМШнын Мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Өкмөт башчылар кеңешинин быйыл боло турган жыйындарында бекитүүгө сунуштала турган бир катар документтерди бекитишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK