Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Таджикистан Тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугушту

1627

2022-жылдын 13-майында Дүйшөмбү шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Таджикистан Тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугушуу өткөрдү.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин башчылары кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана мамлекеттер ортосундагы мамилелердин мындан аркы келечегин талкуулашты.

Тараптар мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселелерди чечүүгө даяр экендиктерин ырасташты, ошондой эле бул контекстте кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун жолугушууларын улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан тышкары, министрлер консулдук чөйрөнүн маселелерин, атап айтканда, эки өлкөнүн аймактарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелерин кеңири талкуулашты жана келечекте жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу боюнча пикир алышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK