Кыргызстандын Тажикстандагы Элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонго ишеним грамоталарын тапшырды

1570

2022-жылдын 15-июнунда Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонго ишеним грамоталарын тапшырды. Салтанат Душанбе шаарындагы Улуттар Сарайында 10 чет мамлекеттин элчилеринин катышуусунда болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө ТРнын Президенти Э.Рахмон жаңы дайындалган элчилерди дипломатиялык ишмердүүлүктүн башталышы менен куттуктап, алардын үзүрлүү аракеттери өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүккө жаңы дем берет деген ишенимин билдирди.

ТРнын Президенти Э.Рахмон Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелерине өзүнчө токтолду. Тажикстандын Башчысы өзүнүн жооптуу миссиясын аткарууда Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчиси Э.Абдылдаев Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө ырааттуу күч-аракетин жумшарына үмүт артты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK