Кыргызстандын Тажикстандагы Элчиси Эрлан Абдылдаев КРнын Баткен облусуна иш сапары менен барды
2022-жылы 13-15-июлдарда Кыргызстандын Тажикстандагы Элчиси Эрлан Абдылдаев КРнын Баткен облусуна иш сапарынын алкагында Тажикстан менен чектеш аймактарга, инфраструктуралык объектилерге барып, КРнын Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунун жергиликтүү бийлик башчылары менен жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын райондорунун жана облустарынын чек ара кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.