КР ТИМдин 2023-жылдын 14-мартына карата маалымат билдирүүсү

307

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарына Тажикстанга ар кандай саякаттоолордон убактылуу баш тартууну дагы бир ирээт сунуштайт. Анткени тажик тарап Тажикстан Республикасына расмий билдирүүсүз кирүүнү чектөөнү улантууда.

Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинин маалыматы боюнча, Дүйшөмбү шаарындагы эл аралык аэропортко келген учурда, чек ара көзөмөлүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын жарандарын киргизбей коюда. Мындай жагдайда авиабилеттерди сатып алууга жана транзиттик зонада кайтып келүүчү каттамды күтүүгө байланыштуу кошумча финансылык чыгымдар пайда болот.

Тажикстан Республикасына кирүү жана чыгуу боюнча керектүү маалыматты жана консультацияларды алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин ишеним телефондоруна жана Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигине төмөнкү номерлер боюнча кайрылсаңыздар болот:

+996 999 312-002 - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти (Бишкек ш.);

+992887782223 - Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги (Душанбе ш.).

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK