Душанбе шаарында кыргыздын улуу жазуучусу, мамлекеттик ишмер жана дипломат Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү

183

2023-жылдын 12-декабрь күнү Душанбе шаарында кыргыздын улуу жазуучусу, мамлекеттик ишмер жана дипломат Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган «Чыңгыз Айтматов: мезгилдердин жана элдердин байланышы" аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чарага Тажикстандын тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Жазуучулар союзунун төрагасы, мүчөлөрү, маданият жана илим тармагындагы ишмерлер, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун алкагында жазуучунун чыгармачылык мурасы тууралуу “Устаттын керээзи” документалдуу тасмасы көрсөтүлдү. Ошондой эле, фотогалерея жана Ч.Айтматовдун кыргыз, тажик жана орус тилдериндеги китептеринин көргөзмөсү уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчи Эрлан Абдылдаев өз сөзүндө тегерек столду өткөрүү Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштардын жаңылануусуна салым кошуп, келечек муундардын адабият жаатындагы кыргыз-тажик мамилелеринин тарыхын, эки элдин улуу инсандарын таанууга чоң өбөлгө түзөөрүн белгилеп, Тажикстандын улуттук китепканасына Айтматовдун көп томдуу китептерин тапшырды.

Иш-чаранын катышуучуларына Ч.Айтматовдун замандашы, досу болгон тажик окумуштуусу-философ Акбар Турсун жазуучу жөнүндө жылуу эскерүүлөрүн айтып, достук мамилелерин баяндады.

Катышуучулардын көпчүлүгү улуу жазуучу, гуманист Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы кыргыз-тажик элдеринин жакындыгын арттыргандыгын белгилешти.

Маалымат иретинде: Тажикстанда Чыңгыз Айтматовдун 11 жолу басылган 170 миң нускада китептери жарык көргөн.

Аталган тегерек стол Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы элчилиги менен Тажикстандын Президентинин аткаруу аппаратынын "Тажикстандын улуттук китепканасы" мамлекеттик мекемесинин өнөктүгүндө уюштурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK