Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 17-январындагы билдирүүсү

244

2023-жылдын 21-октябрынан тартып чет өлкөлүк жарандар үчүн визасыз режимди колдонуу тартиби өзгөртүлгөн, ага ылайык чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө Жобонун колдонулушу тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги эскертет.  

Буга чейин маалымдалгандай, чет өлкөлүк жарандардын жүрүү эрежелеринин киргизилиши менен алардын чыгуу-кирүү жолу менен болуу мөөнөтүн (визасыз тартипте) жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү колдонулбайт.

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында узак мөөнөткө болуу үчүн чет өлкөлүк жаран өлкөгө келүү максатына жараша укук берүүчү тиешелүү документти тариздөөгө тийиш.

Мындай документтерге: убактылуу жашаган жери боюнча каттоо, виза, “Кайрылман” статусу, жашап турууга уруксат же “Санариптик көчмөн” статусу кирет.

Белгилей кетсек, чет өлкөлүк жаран аталган документтерди Кыгыз Республикасынын чегинен чыкпай туруп жол-жоболоштурууга.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасында каттоо, виза алуу жана иштөөгө уруксатты тариздөө жол-жоболору электрондук форматка өткөндүгүн эсиңиздерге салабыз. Бул документтер боюнча арыз берүүчү алыстан арыз берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот: чет өлкөлүк жарандарды каттоо маселеси боюнча – 119, КР визаларын тариздөө маселеси боюнча – +996 703 42 88 65, 0 312 66 30 70, жумушка уруксатты тариздөө маселелери тууралуу – 0 312 66 39 64.

Ошондой эле, белгиленген шилтемелер аркылуу тиешелүү маалымат алууга болот: иштөөгө уруксат боюнча – www.ework.e-gov.kg; КР визаларын тариздөө маселеси тууралуу – www.evisa.e-gov.kg; жана каттоо маселеси боюнча – www.ereg.e-gov.kg.

Тилекке каршы, азыркы учурда чет өлкөлүк жарандар тарабынан жакынкы өткөрүү пункттары аркылуу чыгуу жана кайра кирүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында болуу мөөнөтүн узартууга аракет кылган учурлар байкалууда. Бирок, киргизилген эрежелерди эске алуу менен, мындай жарандарга карата болуу мөөнөтүнүн “эсептөөчүсү” ишке киргизилет жана аларга визасыз/уруксат берүүсүз Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө тыюу салынат.

Ушуга байланыштуу, Министрлик Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузууга жол бербөө үчүн тиешелүү уруксат берүүчү документтерди тариздөөнү сунуштайт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK