Душанбе шаарында Афганистан боюнча Улуттук координаторлордун катышуусу менен ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин Кеңешине караштуу Афганистан боюнча жумушчу тобунун көчмө жыйыны болуп өттү

3789

2019-жылдын 28-29-октябрында Душанбе шаарында Афганистан боюнча Улуттук координаторлордун катышуусу менен ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин Кеңешине караштуу Афганистан боюнча жумушчу тобунун көчмө жыйыны болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын ЖККУда төрагалык мөөнөтүнө, ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин Кеңешине караштуу Афганистан боюнча жумушчу тобунун Жетекчиси болуп Кыргыз Республикасынын Афганистан боюнча Улуттук координатору, КР ТИМнин Төртүнчү Саясий Департаменттин Кеңешчиси Сагынбек Ибраев шайланган.

Иш-чарага ЖККУнун Катчылыгынын, БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия Регионалдык борборунун жана Шанхай кызматташтык уюмунун Региондук терроризмге каршы түзүмүнүн өкүлдөрү катышкан.

Жыйындын алкагында Афганистандагы аскердик-саясий абалга, ЖККУнун мүчө–мамлекеттеринин коопсуздугуна бул өлкөнүн аймагынан чыккан коркунуч келтирген маселелер талкууланган.

Уюмдун алкагында ЖККУнун мүчө–мамлекеттеринин афганистандык багытта эки тараптуу негизде жана профилдүү эл аралык аянтчалардын форматында күч-аракеттерин бириктирүү процессин улантуу зарылчылыгы баса белгиленген.

Мындан тышкары, 2019-жылдын 28-октябрында Душанбе шаарында өткөн ЖККУнун мүчө–мамлекеттеринин парламенттеринин коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттеринин төрагаларынын Координациялык жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т. Шайназаров, Б.Сыдыков, Б. Сыдыгалиев жана Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы Элчилигинин кызматкерлери катышкан, ал иш-чарада Афганистан боюнча жумушчу тобунун Жетекчиси Кыргыз Республикасынын Афганистан боюнча Улуттук координатору С.Ибраев «ИГИЛ эл аралык террористтик уюмунун жана башка эл аралык террористтик уюмдардын Афганистандагы ишмердүүлүгү» деген темада доклад жасаган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK