Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Эличилиги Душанбе шаарындагы М.Вахидов атындагы театрда Ч.Айтматовдун «Тоолор кулаганда» аттуу романынын тажик тилинде коюлган спектаклине катышты

4856

2020-жылдын 15-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Эличилиги Душанбе шаарындагы М.Вахидов атындагы театрда Ч.Айтматовдун «Тоолор кулаганда» аттуу романынын тажик тилинде коюлган спектаклине катышты.

Бул спектакль чоң ийгилик менен болгондугун белгилей кетүү керек. Ага маданияттын көрүнүктүү ишмерлери, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана Тажикстандын жогорку окуу жайларынын студенттери, Душанбе шаарынын меймандары жана тургундары катышты.

Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги

спектакльди койгон актерлорго жана режиссер Н.Меликовго ыраазычылык билдирүү менен бирге Тажикстанда жашаган мекендештерге Ч.Айтматовдун романдары боюнча спектакльдерди коюунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Буга чейин бул спектакль "ПАРАСТУ-2019" республикалык театрларынын кесиптик фестивалынын конкурстук программасынын алкагында чагылдырылып, анын жыйынтыгы боюнча М.Вахидов театрынын режиссеру Н.Меликов «Мыкты режиссердук роль үчүн» сыйлыгына ээ болгон.

2020-жылы Ч. Айтматовдун романы боюнча коюлган «Тоолор кулаганда» аттуу спектакли Улуттук сыйлык алкагында, Кыргыз Республикасынын театралдык ишмерлер Союзу тарабынан тапшырылуучу «Эң мыкты чет элдик спектакль»сыйлыгын алуу үчүн номанацияланган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK