Үчүнчү корея-аралык саммитинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү

Кыргыз Республикасы, 2018-жылдын 27-апрелинде Пханмунчжом чек ара пунктунда Корея Республикасынын Президенти Мун Чжэ Ин жана Корея Элдик-демократиялык Республикасынын Улуттук кеӊешинин төрагасы Ким Чен Ындын ортосундагы болуп өткөн жолугушууну жана Пханмунчжомдук Корея жарым аралдын биригүүсү, тынчтык жана өнүгүү декларациясын кабыл алуусун колдойт.

Кыргыз тарабы, ядерлик куралды жайылтпоо жана куралсыздануунун тарапкери, ошондой эле Борбордук Азия өзөктүк куралдардан эркин аймагы жөнүндө Келишимдин жигердүү катышуучусу болуп, Корея саммитинин жыйынтыгы, албетте, эл аралык-корея мамилелеринин жана аймактагы жана глобалдык денгээлдеги коопсуздукту, тынчтыкты жагымдуу өнүктүрүүгө өз салымын кошот деп ишенет.