Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинин пресс-релизи

4092

Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги Азербайджан Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Орусия Федерациясынын, Туркменистандын, Өзбекстан Республикасынын Элчиликтери менен жана Тажикстандын чет өлкөлөр менен достук жана маданий байланыштар коому менен биргеликте улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 75-жылдыгына арналган «Дусти» китепчесинин атайын басмасын чыгарышкан. Журналда  бардык союздук республикалардын жеңишке кошкон салымдары тууралуу макалалары жарыяланган. Бул китепче тарыхый чындыкты бекемдөө жана жаштарга патриоттук тарбия берүү ишинде өтө маанилүү болуп саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK