Элчи М.Е. Арстанбаев Жаңы Зеландиянын У.М. Генерал-губернатору Синди Киро айымга ишеним грамоталарын тапшырды

1205

2022-ж. 9-матрында Кыргыз Республикасынын Жаңы Зеландиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (резиденциясы Токио шаарында жайгашкан) М.Е. Арстанбаев Жаңы Зеландиянын Улуу Мартабалуу Генерал-Губернатору Синди Киро айымга ишеним грамоталарын тапшырды.

Өткөн аземинин жүрүшүндө Элчи М.Е. Арстанбаев Кыргыз Республикасы Жаңы Зеландияны Тынч океан аймагында достук жана келечектүү өнөктөш катары көрүп, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, экологиялык коопсуздук жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине каршы күрөшүү маселелери боюнча мамилелерди өнүктүрүүгө жана колдоого даяр экендигин белгиледи.

М.Е. Арстанбаев 2022-жылдын 7-сентябрында өлкөлөр дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилей турганын баса белгилеп, ушуга байланыштуу жакынкы аралыкта тараптар келишимдик-укуктук базаны түзүү боюнча биргелешкен кадамдарды жасай алат деген ишенимин билдирди.

Улуу Мартабалуу Генерал-губернатор Синди Киро айым 
М.Е. Арстанбаевди Кыргыз Республикасынын Жаңы Зеландиядагы Элчисинин кызматына киришүү менен куттуктап, жакын арада Жаңы Зеландияга иш сапары менен келүүгө чакырды. 

Өз кезегинде Элчи М.Е. Арстанбаев эки өлкөнүн достук байланыштарын чыңдоо үчүн бардык күчүн жумшаарына ишендирди.

Ишеним грамоталарын тапшыруу аземи видео шилтеме аркылуу онлайн режиминде өттү.

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK