КР жарандарын Окинава префектурасында ишке орноштуруу боюнча колдоо көрсөткөндүгү үчүн КР ТИМ Башчысы япон тарабына ыраазычылык билдирди

4588

2019-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Япониянын Мамлекеттик финансы министри, Парламенттин Өкүлдөр палатасынын депутаты Киохико Тояма мырза менен жолугушту.

Кыргыз тарабы үчүн региондорду өнүктүрүүнүн актуалдуулугунун өңүтүндө Министр Ч.Айдарбеков боордоштук байланыштарды кубаттоо менен региондор ортосундагы байланыштарды түзүү жана кызматташтыкты кеңейтүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоону сунуш кылды. Маектешүүчүгө Кыргыз Республикасынын жарандарын Окинава префектурасында ишке орноштуруу боюнча ишти жөндөөдө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ч.Айдарбеков  бүгүнкү күнү алардын саны 60тан ашкандыгын белгиледи. Министр Японияда кыргыз жумушчуларынын санын мындан ары көбөйтүү боюнча кыргыз тараптан көрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө айтып берди.  

Тараптар, ошондой эле  транспорт, табигый кырсыктардан коргоочу курулмаларды куруу жана өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын өздөштүрүү жаатында инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуу келечектерин жана биргелешкен аракеттерди, ошондой эле  атайын фонддорду  алар үчүн аккумулирлөө келечектерин талкуулашты. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK