Министр Ч.Айдарбеков: «Кыргызстандын жана Япониянын өкмөттөрү Кыргызстандан эмгек ресурстарынын рекрутингине тиешелүү маселелерди жөнгө салуу үчүн кызматташуу жөнүндө тийиштүү меморандумдун долбоорун кароого киришти»

3354

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги Япониянын эл аралык тренинг боюнча кызматташуу уюму менен (JITCO) биргеликте Токио шаарында уюштурган Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча семинарда чыгып сөз сүйлөдү. 

Аталган иш-чарага Кыргызстандан жумушчу күчүн тартууга кызыкдар болгон япон компанияларынын 100 дөн ашык өкүлдөрү катышты. Япониянын эл аралык кызматташуу боюнча агенттиги (JICA), Япониядагы кыргызстандыктардын диаспорасы, ошондой эле кыргызстандык тоо инженерлерин жумушка тарта баштаган «Tokyo Rope Construction and Mining» корпорациясы жана башка рекрутинг компаниялары презентация жасашты. Катышуучуларга өлкөнүн адам ресурстары жөнүндө потенциалы, япон компанияларынын суроо-талаптарына жооп берүүчү кадр даярдоо боюнча мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кенен-кесири маалымат берилди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын күн чыгыш өлкөсүнүн ишканаларына жумушка орноштуруу жаатында бир катар моделдер сунушталды. 

Мындан тышкары, Министр Ч.А.Айдарбеков JITCO Президенти Хироаки Яги мырза менен жолугушту.

Тараптар кыргызстандык жумушчуларды Японияга ишке тартуу жагында кызматташуу келечегин талкуулашты. Япониянын иммиграция мыйзамдарын ырааттуу жумшартуу жана атайын көндүмдөрү бар чет өлкөлүк жумушчулар үчүн жаңы категориядагы визаларды түзүү өңүтүндө  чет өлкөдөн жумушчу күчүн тартууга жана Кыргызстанда квалификациялуу жумушчуларды даярдоого кызыкдар болгон япон компанияларынын арасында кеңири маалыматтык ишти жүргүзүү зарылдыгы айтылды. Министр Ч.А.Айдарбеков Кыргызстандан эмгек ресурсунун рекрутингине тиешелүү маселелерди жөнгө салуу үчүн  эки өлкөнүн өкмөттөрү кызматташтуу жөнүндө  тиешелүү меморандумдун долбоорун кароого киришкендигин маалымдады. Ал бул документке кол коюунун алдында, тараптарга Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке кабыл алууну каалаган жетиштүү япон компанияларын тартуу, ошондой эле япон компанияларынын квалификациялык талаптарына жооп бере турган адистерди окутуу боюнча ишти жөндөө  максатка ылайык деген пикирин билдирди.  

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар жогоруда айтылган милдеттерди ишке ашыруу үчүн семинар жана бизнес форум өткөрүүнү макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK