Лондондогу Евразия кинофестивалында Кыргызстандын тасмасы “Эң мыкты даректүү тасма” деп табылды.

1431

2022-жылдын 19-майынан 25-майына чейин Лондондо Евразия кинофестивалы менен Ромфорд кинофестивалын бириктирген масштабдуу төртүнчү кинофестиваль өттү. Бул фестиваль евразиялык кинематографияны англис тилдүү чөйрөдө өнүктүрүүгө арналган.

Кинофестивалдагы тасмалардын арасында Кыргызстандан төмөнкү чыгармалар тартууланды:

- Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти жана маданият ишмери Тынай Ибрагимовдун “Саякбай жана Битлз” деген даректүү тасмасы;

- режиссёр Виктория Архангельскаянын "Жаңыртуу" деген даректүү тасмасы;

- Борбордук Азиядагы Америкалык Университетинин бүтүрүүчүсү Жанайым Ашимованын дебюттук кыска метраждуу "Кадамдар" деген тасмасы.

2022-жылдын 25-майында Лондон шаарында Евразия кинофестивалынын президенти, Евразия Чыгармачылык Гильдиясынын Төрагасынын орун басары Марат Ахмеджановдун чакыруусу боюнча сыйлыктарды тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчиси Улан Джусупов катышты.

Аталган мааракеде фестивалдын жеңүүчүлөрүнүн жана байгелеринин ысымдары белгилүү болду.

Кыргызстандык Режиссер Тынай Ибрагимов тарткан “Саякбай жана Битлз” аттуу кыргыз тасмасы кинофестивалдын “Мыкты даректүү тасма” деген номинациясында жеңүүчү деп табылды.

Кошумчалай кетсек, көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча «Көрүүчүлөрдүн тандоо сыйлыгы» аттуу номинациясын кыргызстандык режиссер Виктория Архангельскаянын «Жаңыртуу» деген тасмасы алды.

Фестивалда даректүү, көркөм жана кыска метраждуу тасмалар, ошондой эле анимация категориялары боюнча 50дөн ашык тасма көрсөтүлдү.

Евразия кинофестивалынын тасмаларынын арасында Улуу Британия, Кыргызстан, Азербайжан, Орусия, АКШ, Израил, Украина, Өзбекстан, Казакстан жана Түркия сыяктуу мамлекеттердин эмгектери тартууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK