Кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү

71

2023-жылдын 8-9-сентябрында Лондондо Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдык мааракесинин алкагында Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилигинин колдоосу менен кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү болуп өттү. Искусство таануучулар жана кеченин коноктору кыргызстандык сүрөтчүлөр Азиз Сулайманов, Залкар Токтогулов, Садык Мурзаканов, Арстан Дукуев жана Элдияр Шаршенбиевдин эмгектери менен таанышты.

Британиялык искусство сүйүүчүлөр реалисттик багытта иштеген сүрөтчүлөрдүн жана оригиналдуу стилдеги сүрөтчүлөрдүн эмгектери кеңири тартууланды. Көргөзмө Кыргызстандын искусствосу канчалык көп кырдуу экенин, кандай өнүгүп, кайда баратканын көрсөттү. Жаш жана тажрыйбалуу авторлор катышгандыгынан улам, аталган көргөзмө тажрыйба алмашуу үчүн жакшы аянтча. Көрүүчүлөр кыргыз искусствосунун жогорку дараметине шыктанышты, сүрөтчүлөрдүн бир катар эмгектери Лондондогу жана Улуу Британиянын башка шаарларындагы жеке коллекцияларды жана галереяларды кооздойт.

Бул Кыргызстандын сүрөтчүлөрүнүн Улуу Британиядагы биринчи чоң көргөзмөсү жана уюштуруучулар Кыргызстандын Элчилиги жана искусство таануучу Гүлсара Акматова британиялык көрүүчүлөрүн кыргыз көркөм сүрөт искусствосу менен тааныштырууну улантууну пландаштырууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK