Кыргызстан 2023-жылдын 19-июлунда БУУнун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында 2023-2027-жылдарга тоолорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруунун глобалдык планын жарыялады.

32

Кыргызстан 2023-жылдын 19-июлунда БУУнун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында 2023-2027-жылдарга тоолорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруунун глобалдык планын жарыялады.

Презентациянын жүрүшүндө Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы бардык өлкөлөрдү тоо күн тартибин илгерилетүү боюнча биргелешкен конкреттүү чараларды көрүүгө, анын ичинде тоо экосистемаларын коргоо үчүн каржылык ресурстарды бөлүүгө чакырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Малави, Непал, Өзбекстан, Италия, Андорра, Перу, Кытайдын делегация башчылары, ошондой эле БУУнун өнүктүрүү программасынын, Европадагы кызматташтык жана коопсуздук уюмунун, Дүйнөлүк метеорология уюмунун, Ага Хан Хабитат агенттигинин жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Иш-чарага 60тан ашык мүчө мамлекеттер, анын ичинде Тоолуу өлкөлөрдүн достору тобунун мүчөлөрү катышты.

Өз сөзүндө БУУга мүчө мамлекеттер Кыргыз Республикасына эл аралык айдында тоо күн тартибин илгерилетүүдөгү алдынкы ролун, ошондой эле тоолуу өлкөлөрдүн экосистемасын сактоого жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө салым кошкон глобалдык иш-аракеттер планы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Тоо шериктештигинин катчылыгы менен биргеликте даярдалган Глобалдык иш-аракеттер планы климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана тоолуу аймактарда айлана-чөйрөнү коргоо, тоолуу өлкөлөрдө инфраструктураны өнүктүрүү жана тоолуу коомчулуктардын жашоосун жакшыртуу боюнча чечимдерди камтыйт.

Маалымат үчүн: Кыргызстандын демилгеси менен 2022-жыл БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы деп жарыяланган. 2022-жылдын декабрь айында БУУнун резолюциясы кабыл алынып, 2023-2027-жылдар “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыяланган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK