2022-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улан Джусупов Лондон асыл металл рыноктору ассоциациясынын (LBMA) Аткаруучу директору жана башкы юристи Сахила Мирза айым менен жолугушуу өткөрдү.

1715

КР Улуу Британиядагы Элчилигинин  2022-жылдын 13-апрелиндеги пресс-релизи
2022-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улан Джусупов Лондон асыл металл рыноктору ассоциациясынын (LBMA) Аткаруучу директору жана башкы юристи Сахила Мирза айым менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун максаты – Кыргызстандын «ишеничтүү жеткирүүчү» («Good Delivery») макамын калыбына келтирүү маселесин талкуулоо.
Маектешүүнүн жүрүшүндө КР Элчиси У.Джусупов «Кыргызалтын» акционердик коому тарабынан LBMA нормалары жана стандарттары боюнча зарыл болгон талаптардын жана чаралардын баары аткарылып жаткандыгы тууралуу маалымдады. Мындан ары кыргыз тарап эрежелерди бек сактап, жол-жоболорду белгиленген мөөнөттө аткара тургандыгына ишендирди.
Элчи ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Centerra Gold» ишканасынын ортосунда тынчтык келишимине жетишилгендиги жана «Кумтөр Голд» компаниясын башкаруу боюнча пикир келишпестиктер жөнгө салынгандыгы тууралуу билдирди. Кыргыз тарап келишим боюнча өзүнүн бардык милдеттенмелерин толук сактоого даяр экендиги жана «Centerra Gold» тарабынан да милдеттенмелердин аткарылышына үмүттөнө тургандыгы белгиленди. У.Джусупов тараптардын Кумтөр боюнча дооматтарын макулдашуу жана жөнгө салуу чет элдик инвесторлордун Кыргыз Республикасы менен кызматташууга ишенимин жана кызыгуусун калыбына келтирүүгө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.
Сахила Мирза айым LBMA менен тыгыз өз ара аракеттенүү жана жаралган көйгөйлөрдү чечүү боюнча кыргыз тараптын иш-аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди. Кыргыз Республикасы «Good Delivery» ишенимдүү жеткирүүчүлөр тизмесине ишенимди жогорулатууга мындан ары да өз салымын кошоруна үмүтүн билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK