Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилигинин пресс-релизи

1964

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борбору менен британиялык "AGRI -HR" компаниясынын ортосундагы келишимдин алкагында Улуу Британияга айыл чарба тармагында сезондук жумуш менен келген мекендештерибиздин жашоо шарты, эмгек жагдайлары жана башка турмуш шарттары менен таанышуу максатында 2022-жылдын 14-сентябрында Элчи У.Джусупов Линкольнширдеги “Staples Vegetables” фермасына иш сапары менен барды. Аталган фермада 82 мекендештерибиз эмгектенишет.

Маалымат үчүн: “Staples Vegetables” фермасы Улуу Британиядагы эң ири фермалардын бири болуп эсептелет, анын аймагы 11 000 гектар аянтты ээлейт жана аталган фермада 1500дөн ашык адам эмгектенет.

Иш сапардын жүрүшүндө аталган ферманын администрациясы мекендештерибиздин жумуш убактысы, жашоо шарттары жана эс алуусу, эмгек акылары, коопсуздук жана эмгек эрежелеринин сакталышы тууралуу маалыматтарды берди, ошондой эле ферманын аянтында жана түздөн-түз тушум жыйноочу жерлерде экскурсия уюштурду.

Ошол эле учурда, Элчилик тарабынан уюштурулган кофе-брейктин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандары Улуу Британиядагы жашоо жана эмгек шарттары аларга позитивдүү жана жагымдуу таасир болгонун билдиришти.

Бул сапардын алкагында британиялык "AGRI-HR" рекрутинг компаниясынын директору Ян-Вилл Наребут жана британиялык “Fruitful Jobs” операторунун директору Жастин Дэвид Эмери менен Кыргыз Республикасынын жарандарын сезондук жумушка тартуу маселелери боюнча кызматташуунун мындан аркы перспективаларын, ошондой эле бөлүнгөн квотаны 2023-жылдан тартып 3 миң адамга чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоо боюнча суйлошуулор жургузулду.

  • Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилигинин
пресс-релизи

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK