Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.М. Гүлнара Искакованын британдык «Дипломат» журналына берген маеги: «Азия жүрөгү. Кыргыз Республикасынын Элчиси Гүлнара Искакова «Дипломат» журналына өзүнүн өлкөсүнүн көз карандысыздыгынын 25 жылдык маарекеси тууралуу сүйлөйт».

9590

Көз карандысыздыктын 25 жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын кайсы жетишкендиктерин зор деп эсептейсиз?

Көз карандысыздык мамлекет болгондон кийин, Кыргызстан өз ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кайрадан баалап, өлкөбүз дуушар болгон кыйынчылыктарга баа берип, анын климаттык жана географиялык жактан чектелүү экендигине жакшыраак кабардар болуп, ошондой эле бөтөн идеологиянын таасиринен алыс, өз алдынча кантип башкарууну билүү мүмкүнчүлүктөрунө ээ болду.

Ушул жылдардын ичинде, биздин даанышман, эркиндикти сүйгөн элибиз көп кыйынчылыктарды башынан өткөрдү, атап айтсак, ал Кыргызстан көз карандысыздыгын алган 1990-жылдардагы алгач мезгилинде, эки коррупциялык үй-бүлөлүк режимдерин кууп чыккан эки революциянын учурунда, жана улуттук экономиканы өнүктүрүүдө. Бирок ошентсе да, ошол баш-аламан убактарда, элибиздин күч-кубаты жана бийлиги таанылды. Биздин жарандар көбүрөөк жоопкерчиликтүү болуп, саясат иштерине катыша баштады, өкмөттөн жардам күтүп отура бербестен, тескерисинче, өз өмүрлөрү жана үй-бүлөлөрүнүн жыргалчылыгы үчүн жооптуу болууну үйрөнүп билди.

Акыркы беш жыл өлкөбүз үчүн өзгөчө мааниге ээ болду. Биздин эл парламенттик демократиянын жолун жана мыйзамдын үстөмдүгүн урматтоо багытын тандап алды. Кыргызстан, экономикалык өнүгүүгө жана жашоо сапатын жогорулатууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында Евразиялык экономикалык биримдигине кошулду. Датка-Кемин электр өткөрүү линиясын киргизүү менен, Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка жетишип, электр энергиясын коңшу мамлекеттер аркылуу жеткирүүнүн кажети жок болуп калды. Биз жолдорду жана ГЭСтерди куруу сыяктуу башка инфраструктуралык долбоорлорду иштетип-өнүктүрүүнү улантуудабыз. Элибиздин кылымдардан берки акылмандыгына жана сабырдуулугуна таянып, өлкөдө тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылып, көп этникалык, тилдик, диний топтор үчүн бириккен Кыргызстанды жана жалпы Ата-Мекенди курууга жетиштик.

Алдыда, экономикалык, коомдук жана саясий кайра түзүүлөрдү (реформаларды) бекемдөөгө, демократиялык баалуулуктарды колдоого жана коомдогу коррупцияны жана кылмыштуулукту жоюууга багытталган дагы көп иштер турат. Биздин оюубузча, ар дайым эркин жана калыс шайлоолорду өткөрүү, бийликке өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчиликти алууга даяр болгон, туруктуу, руханий жана кесипкөй адамдарды алып келет.

Кыргыз Республикасы менен тааныштыруу алкагында өлкөңүз жана Лондондогу Элчилиги кандай иш-аракеттерди жасоодо?

Кыргызстанда эркиндик биздин элдин чыгармачылык күчүн ойготуп, көптөгөн таланттарды ачып берди. Бүгүнкү күндө дүйнө Кыргызстанды жалаң эле кооз тоолуу өлкө гана эмес, ошондой эле эл аралык деңгеелде таанылган таланттуу спортчулар, актёрлор жана аткаруучулар өсүп чыккан жер деп билишет. Мисалы, 2016-жылкы «Britain’s Got Talent” жарым-финалдык мелдешинде «Тумар» бий тобу өзүнүн илимий-фантастикалык Франкенштейн окуясы менен көрүүчүлөрдү айран калтырып, экстремалдык акробатикалык кыймылдары менен британиялыктарды укмуштуудай таң калтырды. Британиялык «Wanderlust» саякат журналынын окурмандары тарабынан Кыргызстан 2018-жылдагы «Өнүгүп келе аткан эң мыкты багыт» аттуу сыйлыгына ээ болду.

Элчилик биздин өлкөнү ар кандай маданий иш-чараларда тааныштырып турат, анын ичинде жыл сайын өткөрүлүп турган Нооруз жаз майрамында. 2016-жылдын октябрында, биз Кембридж университетинин Борбордук Азия форуму менен бирдикте «Өткөн мезгилдин саптары жана келечектин күүлөрү: Кыргыздын тарыхы» симпозиумун уюштуруп, анда кыргыз элинин жана мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы жана маданияты талкууланды. 2017-жылдын октябрында, Бишкектин «Тунгуч» жаштар театры Султан Раевдин «Илегилек» чыгармасына коюлган спектаклин, ал эми Ош музыка жана драма театры Уильям Шекспирдин «Ричард III» чыгармасына спектаклди Лондондо тартуулашты, жана ошондой эле Борбордук Азиянын музыкасына, бийлерине жана ырларына арналган кечени да өткөрдүк. Бул жылы биз атактуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган ар кандай иш-чараларды өткөрмөкчүбүз, анын китептери 150 дөн ашык тилге которулуп басып чыгарылган.

Мындан тышкары Элчилик, 80ден ашуун британдык компаниялардын катышуусу менен, Кыргыз-Британдык инвестициялык форумун уюштурган, жана ушундай эле «Кыргыз Республикасы - бизнес үчүн ачык чыныгы демократиялык өлкө» деп аталган иш-чара да өткөн жылы Европалык кайра куруу жана өнүгүү банкысында уюштурулуп, өткөрүлдү. Бул бизнес форумунда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ар кандай министрликтеринин өкүлдөрү өлкөбүздүн инвестициялык климаты, потенциалдык долбоорлору жана кызматташтык сунуштары боюнча билдирүү жасашты. Мен дагы 2017-жылдын апрел айында Лондондо болуп өткөн «Silk Road Investment Forum» иш-чарасында Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлору тууралуу презентация жасадым.

Кыргызстанда 2014-жылы болуп өткөн биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу айтып бере аласызбы?

Борбордук Азиянын көчмөн мурасын белгилөө үчүн иштелип чыккан биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спорттун ​​23 түрү боюнча мелдештер болуп өттү, мисалы, Алыш (кур күрөшү), Салбуурун (куш салуу, ок атуу жана мергенчилик айкалышкан спорттун ​​түрү) жана Эр-эңиш (ат үстүндөгү күрөш). Экинчи оюндар, 2016-жылы, борбор шаарыбыздан төрт саат аралыкта, бийик тоолуу жерде жайгашкан Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата шаарындагы жаңы салынган 10,000 кишилик ат чабылуучу жайда (ипподромдо) болуп өттү. Оюндардын ачылыш аземинде тегеренип бийлеген жүздөгөн көчмөн аялдары, кийимдери отко жанган эркек атчандардын аренаны аралап ат үстүндө көрсөткөн акробатикалык оюндары, байыркы жоокердин зоотун кийип, ат минип чыккан ардактуу конок Стивен Сигалды, драмалык музыканы, ошону менен бирге Кыргыз элинин узак жана уламыштуу тарыхынын кеңири графикасы көрсөтүлдү. Бул деңиз денгээлинен 2000 м. бийиктикте өткөн оюндарына 40тан ашуун өлкөлөр катышышты. Абдан катуу талаш жараткан спорттун туру көк бөрү болду, ал поло спорт оюунунун катаалырак түрү эсептелип, оюндун жүрүшүндө эки курама командасы башы алынган улакты эңип алып, атаандаштарга тарттырбастан белгиленген марага алып келип ташташат. Бул сентябрда, үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт, ал оюндарга ар бириңиздер барсаңыздар болот, тек кана көрүүчү эмес, спорт оюндарына да катышуучу катарында.

Борбордук Азиянын дүйнөлүк сахнада аброю жана таасири өсүп жатат. «Азиянын жүрөгү» деп сүрөттөлгөн Кыргыз Республикасы буга кандай салымын кошту?

Кыргыз жөнүндө биздин заманга чейинки 201-жылы жазылып, кыргыздар Евразиянын эң байыркы элдеринин бири болуп саналат. Кыргыз эли кыргыз улутун дүйнөгө тааныткан эки нерсени айтып жүрүшөт: эпикалык баатыр Манас менен жазуучу Чыңгыз Айтматовду. Жарым миллионго жакын аяттардан турган Манас эпосу дүйнө жүзүндөгү эң узун эпос: анын көлөмү Гомердин Одиссеясы менен Иллиадасы экөөнү бириктирсе да, алардан 20 эсе чоң болуп эсептелет.

Оозеки баяндоо аркылуу кылымдар бою айтылып, сакталып келген бул эпос көз карандысыздык үчүн күрөшүүдө кыргыз элин бириктирген Манастын тарыхын баяндайт. Бул эпос биздин улуттук оозеки эл адабиятыбыздын (фолклорунун) эң көрүнүктүү жана зор чыгармасы гана эмес, ошону менен бирге тогузунчу жана онунчу кылымдардагы кыргыз элинин жашоосу жөнүндө билимдин кампасы болуп саналат.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун уникалдуу чыгармалары заманбап турмуштун шартында мифтер, уламыштар жана жомоктор менен айкалыштырылып келет. Анын 2005-жылы жазылган «Тоолор кулаганда (Түбөлүк колукту)» аттуу романы, кыргыздар кылымдар бою ыйык деп баалап келген асман тиреген тоолордун сулуулугун сактап калууга багытталган акыркы чакырык катары жазылган. Бул чыгарманын каармандары журналист Арсен Саманчин жана жергиликтүү илбирс (Жа Барс) экөө тең айлана-чөйрөнү жана жаратылышты ач көздүк, кара ниеттик менен пайдаланган эл аралык бүлгүнчүлөрдүн курмандыгы болушту.

«Стан» менен аяктаган Борбор Азиянын мурдагы беш советтик өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан өзүнүн уникалдуу тарыхы менен өзгөчөлөнүп турат. Биз биринчи өлкөлөрдөн болуп өзүбүздүн көз карандысыз акчабызды - сомду - киргиздик; 1998-жылы биринчилерден болуп Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү болдук; биринчи парламенттик демократия системасын түздүк, эми өкмөттүн иштеши мыйзам чыгаруучу органга көз каранды болуп калды, жана бизде биринчи жолу аял-президент, Роза Отунбаева, болду. Ошондой эле, жалпы элдик шайлоонун натыйжасында, демократиялык жолу менен бийликке келиш, биздин өлкөдөгү саясий жашоонун ченеми (нормасы) болуп калды. Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын эли биздин бешинчи президентибиз – Сооронбай Жээенбековду шайлады.

Кыргыз Республикасы өзүнүн көз карандысыздыгынын 25 жылдык маарекесин кандай белгиледи?

Биздин көз карандысыздыгыбыздын 25 жылдык маарекеси Кыргызстанда кеңири майрамдалды. Борбор шаарыбыз Бишкектин негизги Ала-Тоо аянтында аскердик парад болуп өттү, анда бронетехника, артиллериялык куралдар, аскер-аба күчтөрү жана аскердик оркестр катышты. Майрамдык күн ата-мекендик жана эл аралык эстрада жылдыздардын концерттик программасы, жана ошондой эле салют менен аяктады. Ошол кездеги мурдагы мамлекет башчысы, президент Атамбаев, өз сөзүндө кыргыз элинин улуу жетишкендиктери менен бирге, өлкө биримдигинин, өз ара түшүнүшүүнун жана жалпы тилектердин жардамы менен оор мезгилдерге туруштук бергенин баса белгиледи. Жалпы эле өлкө боюнча башка маданий-массалык жана коомдук иш-чаралар, мисалы, улуттук буюмдардын көргөзмөсү жана салтка айланып калган ат чабыш мелдештери өткөрүлдү.

Көз карандысыздыкты алгандан кийинки алгачкы жылдарда, жакырчылыкты кыскартуу, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, гендердик теңдик жана бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча күн тартибин ийгиликтүү аяктагандан кийин, Кыргызстан ар кандай пландарды кабыл алууга жана ишке ашырууга багыт алды, анын ичинде 2013-2017-жж. карата Туруктуу Өнүгүү боюнча Улуттук Стратегиясы. Ошондой эле, Кыргызстандын демилгеси менен 2017-жылы төмөндөгү эл аралык форумдар болуп өттү: «Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдери», бул иш-чарага мамлекет башчылары, белгилүү тарыхчылар, археологдор жана тилчилер катышты; «Ислам азыркы светтик мамлекетте» форуму элдердин бекем тынчтыкка жана туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн чечимдерди издөөгө багытталды; жана Экинчи Эл аралык илбирс жана экосистема форуму».

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык зор көйгөйү эмнеде деп ойлойсуз?

Деңизге чыгууга жолу жок болгон өлкө катары, Кыргызстан үчүн чоң дипломатиялык маселе болуп башка өлкөлөрдүн аймактары аркылуу транзиттик кыйынчылыктарын чечүү саналат. Бул багытта туура чечим табыш өкмөттүн, академиялык жана бизнес-чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты талап кылат. Кыргызстандын дипломатиясы жаңы идеяларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда абдан маанилүү болуп саналат. Эл аралык кызматташттыкты, ошондой эле инфраструктура менен технологияларды өнүктүрүү шартында, бул транзиттик көйгөй биздин эл аралык соода жана транспорт боюнча мүмкүнчүлүктөрүбүздү кем кылбаш керек.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK