Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчиси У.Джусупов Түштүк жана Борбордук Азия, Шериктештик жана Бириккен Улуттар Уюму боюнча мамлекеттик министр, Улуу Британиянын Тышкы иштер министринин орун басары Лорд Тарик Ахмад менен жолугушту.

1499

2022-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчиси У.Джусупов Түштүк жана Борбордук Азия, Шериктештик жана Бириккен Улуттар Уюму боюнча мамлекеттик министр, Улуу Британиянын Тышкы иштер министринин орун басары Лорд Тарик Ахмад менен жолугушту.

Дипломаттар эки тараптуу күн тартибиндеги маанилүү окуянын – эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын маанилүүлүгүн белгилешти.

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасы менен Улуу Британия биргелешип түрдүү тармактарда кызматташууда жогорку натыйжаларга жетишип, ишеним жана өз ара түшүнүшүү бекемделгени белгиленди.

Тараптар эки тараптуу кыргыз-британ кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, байланыштарды активдештирүү, соода-экономикалык кызматташтыкты арттырууга басым жасоо менен мамилелерди жаңы сапаттык деңгээлге чыгаруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Тараптар жашыл экономика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, климаттын өзгөрүшү, билим берүү, санариптик жана креативдүү экономика чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүү перспективаларына өзгөчө көңүл бурушту.

Өз ара байланыштардын жана иш-чаралардын графиги талкууланды. Аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK