2019-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы кабыл алды

2019-жылдын 9-майында Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилиги Лондондогу жыл сайын өткөрүлгөн союздаштардын фашизмди жеӊгенден бери 74 жылдыгына арналган  Советтик аскерлердин Мемориалына гулчамбар коюу салтанаттуу аземине катышты.

Советтик Аскерлердин Мемориалы - Советтик 15 республикалардан согуш учурундагы 27 миллион курмандыктарды эскерүү катары 1999 жылдын 9 майында Империялык аскердик музейдин жанындагы паркында ачылган. Эстелик өзү башы эӊкейтип турган үч метрлик колодон жасалган аялдын статуясы. Эстеликтин жогору жагында коӊгуроо жана анын этегинде эстелик жазуулары менен гранит плитасы жайгашкан.

Салтанаттуу аземинде, Кыргыз Республикасынын Элчиси Г.Искакова жана Элчиликтин жамааты Армениянын, Беларусьтун, Казакстандын, Россиянын, Тажикистандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын элчиликтеринин өкүлдөрү менен чогуу Советтик аскерлердин Мемориалына гулчамбарларды коюшту. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар курман болгондорду бир мүнөт унчукпай туруп эскеришти.

Бул иш-чараны Советтик мемориалдык траст фонду менен Саутварк райондук администрациясы биргеликте уюштуруп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомдук жана ардагер уюмдары катышышты.

Расмий аземден кийин ардагерлер жана коноктор, дипломаттар уюштурган, «Жеӊиш үчүн тост» деген сыйлуу тамака чакырылып, улуттук тамактарды жана суусундуктарды даам татып кетишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK