Азербайжан Республикасынын эксперттик тобу Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди

2022-жылдын 27-январынан 28-январына чейинки мезгилде экономикалык дипломатияны илгерилетүү боюнча иштин алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчилигинин көмөгү менен Азербайжан Республикасынын эксперттик тобу Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Азербайжан Республикасынын (АР) Президенти И.Алиев менен Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) алкагындагы эки тараптуу жолугушууларында (12-ноябрь, 2021-жыл, Стамбул ш.) жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты – эксперттерди энергетика, айыл чарба жана тоо-кен жаатындагы инвестициялык долбоорлор жана жалпысынан инвестициялык потенциал менен тааныштыруу.

Делегациянын эки күндүк иш сапарынын алкагында Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде жана «Бишкек» эркин экономикалык аймагына саякат уюштурулду.

Ошентип, өткөн жолугушуулардын алкагында тараптар кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн бир катар артыкчылыктуу багыттарын аныктап, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун деңгээлин өнүктүрүү потенциалы жогору экендигин белгилешти, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу мамлекеттердин ортосундагы өз ара соода жана инвестиция жаатындагы өз ара аракеттенүүнү жогорулатуу керектигин белгилешти.

Муну менен катар «Кыргызстан-Азербайжан» бизнес жолугушуусу болуп, анын жүрүшүндө B2B жана B2G форматындагы жолугушуулар өткөрүлдү. Куттуктоо сөздөрү менен Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси Н.Баясов, Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.Осмоналиев, Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Л.Гандилов менен Азербайжандын экономика министринин орун басары Н.Сафаров сөз сүйлөштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан менен Азербайжандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү, Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалы боюнча презентациялар көрсөтүлдү. Иш-чарага 20дан ашык ата мекендик компания катышты.

Сапардын соңунда Азербайжандын делегациясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинде кабыл алынды. Тараптар визиттин жыйынтыктарын талкуулашты жана өлкөлөр ортосундагы чоң потенциалды белгилеп, мындан аркы эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экендигин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK