Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын Байкоочулар Миссиясынын мүчөлөрү менен болгон жолугушуусу

Ушул жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстан Республикасынын Парламентинин Милли Мажлисинин конституциялык негиздерди, адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктерин жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча комитетинин Төрагасы Рахмон Дилшод баштаган КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын (КМШ ПАА) Эл аралык байкоочулар миссиясынын тобу менен жолугушту.

Тараптар «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду өткөрүүгө даярдык көрүүнүн жүрүшү жөнүндө пикир алмашышты жана алдыдагы шайлоолор өлкөнүн эл аралык кадыр-баркын чыңдоого олуттуу салым кошот деген ишенимин билдиришти.

Руслан Казакбаев КМШ ПААнын эл аралык байкоочуларына бул маанилүү саясий иш-чарага кызыккандыгы жана катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги КМШ ПАА Миссиясына Кыргыз Республикасында болуу алкагында бардык маселелер боюнча зарыл болгон жардамды берүүгө даяр экендигине ишендирди.

Министр өлкөнүн жетекчилиги тарабынан радикалдуу реформаларды жүргүзүү, ошондой эле адилеттүү, ачык жана демократиялык шайлоо өткөрүү боюнча көрүлүп жаткан аракеттер жөнүндө маалымдады.

Р.Казакбаев дүйнөнүн 31 өлкөсүнөн келген 183 эл аралык байкоочуларды, анын ичинде 10 эл аралык уюмдун өкүлдөрүн, ошондой эле 25 жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн аккредитациялоо боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалымат берди.

Министр ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорун даярдоо боюнча Конституциялык кеңешменин иши жөнүндө жана ал долбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана коомчулукта ачык жана кеңири талкууга коюлгандыгы тууралуу маалымат берди. Бул контекстте Р.Казакбаев КМШ ПАА Миссиясына катталган 15 "макул" жана "каршы" агитациялоо топтору жөнүндө маалымат берди.

Мындан тышкары, Р.Казакбаев байкоочулардын көңүлүн Кыргыз Республикасы Венеция комиссиясына жана башка эл аралык эксперттерге Кыргызстандын Конституциясынын долбоору боюнча ачык конструктивдүү талкууларды өткөрүүнү сунуш кылгандыгына бурду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK