Кыргыз Республикасынын өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жиргалбек Сагынбаев 2019 жылдын 6-чы майынан 12-чи майына чейин иш-сапары менен Түркмөнстанда болду

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын кыргыз тарабынын Төрагасы, Кыргыз Республикасынын өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жиргалбек Сагынбаев 2019 жылдын 6-чы майынан 12-чи майына чейин иш-сапары менен Түркмөнстанда болду.

Ашхабад шаарында Жиргалбек Сагынбаев Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын түркмөн тарабынын Төрагасы, Түркмөнстандын өнөр-жайчылар жана ишкерлер союзунун Төрагасы Александр Дадаев, Мамлекеттик министр – “Түркмөнгаз” Мамлекеттик концернинин Төрагасы Мырат Арчаев, Түркмөнстандын энергетика министри Мурат Артыков, “Түркмөнховаёллары” агенттигинин Төрагасы Довран Сабуров, “Түркмөнхимия” Мамлекеттик концернинин Төрагасы Ныязлы Ныязлыев менен жолугушту. Ошондой эле, Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин, Өнөр-жай жана коммуникациялар министрлигинин, Соода жана тышкы экономикалык байланыштар министрлигинин жетекчилиги менен жолугушуулар болуп өттү.

Өткөрүлгөн жолугушуулар учурунда Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын кеңири маселелери талкууланды. Тараптар өз ара товар алмашууну көбөйтүү максатында аракет кылууга көңүл буруп, басым кылышты.

Түркмөнстандан Кыргызстанга электрэнергия, жер семирткичтерди, жаратылыш газын жана битумду алып келүү маселелери боюнча алдын-ала макулдашуулар жетишилди. Түркмөн тарап Кыргызстандан Түркмөнстанга айыл-чарба жана өнөр-жай продукциясын алып баруу боюнча сунуштарды изилдеп чыгууга алды.

Авиациялык байланыштар чөйрөсүндө кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкулоо үчүн, тараптар Түркмөнстандын авиация бийликтеринин өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасына сапарын уюштурууну макулдашышты.  Ошондой эле, тараптар жеңил өнөр-жай тармагында иштеген кыргыз ишкерлеринин жана Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү өкүлдөрдүн Түркмөнстанга иш-сапарын өткөрүүгө даярдыктарын билдиришти.

Түркмөн тарабы Кыргыз Республикасында маданий иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады. Өз кезегинде, Жиргалбек Сагынбаев Кыргызстанда эки өлкөнүн хоккей курама командаларынын оюнун уюштурууну сунуш кылды.

Түркмөн тарабынын чакыруусу боюнча, Жиргалбек Сагынбаев Түркмөнстандын Балкан велаятында жайгашкан “Алтын Асыр” түркмөн көлүнүн жээгинде биринчи айылдын курулушун баштоо аземине дагы катышты.

Жалпысынан, Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын кыргыз тарабынын Төрагасынын Түркмөнстанга болгон иш-сапарынын жыйынтыктары ар кандай чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматаштыкты өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө багытталган тараптардын өз ара умтулуусунда көрүнүп турган кыргыз-түркмөн мамилеринин бийик деңгээлин күбөлөндүрөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK