Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2021-жылдын 21-январындагы билдирүүсү

Кыргыз тарап Америка Кошмо Штаттарында мамлекеттик бийликти өткөрүп берүү процессинин аяктагандыгын жылуу кабыл алып, Улуу Мартабалуу Джозеф Робинетт Байден мырзанын Америка Кошмо Штаттарынын Президентинин кызматына киришүүсү менен куттуктайт.

Кыргыз тарап кыргыз-америка өз ара пайдалуу мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана Америка Кошмо Штаттарынын жаңы Администрациясы менен биргелешип жемиштүү иштешүүгө даяр экендигин тастыктайт.

Тараптар Кыргыз Республикасында демократиялык институттарды чыңдоо жана адам укуктарын илгерилетүү жаатында салттуу кызматташып жатышат. Кыргыз Республикасынан мыйзамсыз чыгарылган кылмыш жолу менен алынган активдерди кайтарып берүү чаралары, ошондой эле коррупцияга жана кылмышкерлерге каршы күрөшүү боюнча келечектүү кызматташтык болмокчу. Кыргыз тарап экономика, инвестиция, саламаттык сактоо чөйрөлөрүндө, ошондой эле бардык тармакта жаңы технологияларды киргизүүгө кызыкдар.

Кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын жарандарына карата буга чейин бир тараптуу киргизилген визалык чектөөлөрдү алып салуу боюнча АКШ Президентинин чечимин колдойт. Ушул максатка жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан көрүлгөн жигердүү чараларды да белгилеп кетүү өтө маанилүү. Биз бул чечимди АКШнын жаңы Администрациясынын эки мамлекеттин ортосундагы адамдардын байланыштары жана алмашуу маселесине болгон конструктивдүү жана ачык мамилесинин далили деп эсептейбиз. Ушул жаңы демдин негизинде эки тараптар буга чейин талкуулагандай, өлкөлөр ортосундагы виза режимин мындан ары жеңилдетүү боюнча реалдуу кадамдарды жасашат деп үмүттөнөбүз.

Кыргыз тарап АКШ Президентинин баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коронавирус инфекциясы менен күрөшүү чараларын күчөтүү жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды жайылтуу сыяктуу маселелер боюнча көп тараптуу аянтчаларда кызматташууну активдештирүү боюнча чечимин кубаттайт. Биз АКШны Климаттын өзгөрүшү боюнча Париж келишимине кайтаруу чечимин дагы колдойбуз. Бул келишимдин катышуучусу катары, Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүшү жана экология жаатында тараптардын жемиштүү кызматташтыгына үмүттөнөт.

Кыргыз тарап эки өлкөнүн ортосундагы узак мөөнөттүү достук мамилелерди чыңдоого багытталган мындан аркы биргелешкен кадамдарды колдойт.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK