Элчиликтин эвакуациялык иш-чаралар тууралуу маалыматтык билдирүүсү

3122

Үстүбүздөгү жылдын 24-февралынан тарта, Кыргыз Республикасынын 739 жараны эвакуацияланды: Польшанын аймагы аркылуу – 315, Венгрия аркылуу – 158, Молдова аркылуу – 108, Румыния аркылуу – 28, Словакия аркылуу – 25, үчүнчү өлкөлөрдүн аймагы аркылуу – 27.

Азыркы убакытка карата 54 жаран Украинада калууда. Украинанын Тышкы иштер министрлигинин жана Куралдуу күчтөрүнүн көмөгү менен кооптуу жерлерден 29 жаран эвакуацияланды.

Жарандарды эвакуациялоо максатында Элчилик тарабынан Румыния, Болгария, Молдова жана ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Европадагы чет өлкөлүк мекемелеринин жардамы менен Венгрия, Польша, Словакиянын аймактары аркылуу жашыл коридорлор уюштурулган.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Элчиликтин иш-аракеттеринен улам, Польшадан Бишкек жана Ош шаарларына 2 репатриациялык рейс уюштурулган.

Элчилик Ужгород шаарында өз ишин улантууда жана Украинада гана эмес, кошумча аккредиттелген өлкөлөрдө жашаган кыргыз жарандарына консулдук кызмат көрсөтүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат.
1-марттан 25-апрелге чейин паспортторду, СВРди, күбөлүктөрдү берүү жана нотариалдык иш-аракеттер боюнча 95 консулдук тейлөө көрсөтүлгөн.

Элчилик, Кишинев, Будапешт жана Прага шаарларында жайгашкан Эл аралык миграция уюмунун миссиялары менен кызматташууну орнотуп, алар аркылуу кыргыз жарандарына Кыргыз Республикасына билеттерди бекер сатып алуу боюнча кызматташууда.

Акыркы 10 күндүн ичинде Кишинев, Будапешт жана Прага шаарлары аркылуу Украинадан дагы 12 жаран Мекенге жөнөтүлдү.. Бул багыттагы иштер уланууда.

Украинада жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына юридикалык, консулдук жардамдар телефон аркылуу, «WhatsApp», «Telegram» социалдык түйүндөрүндө, жеке билдирүүлөр аркылуу үзгүлтүксүз түрдө көрсөтүлүп жатат.

Ушул жылдын 29-апрелине карата, Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында курман болгондор жана жабыркагандар жок.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK