Украинанын Львов шаарында «Манас» эпосунун украин тилинде бетачары жана Ч.Айтматовдун 90 жылдык

6057

«2018-жылдын 16-майында Украинанын Львов шаарында «Манас» эпосунун украин тилинде бетачары жана Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейин майрамдоо алкагында анын чыгармачылыгы менен таанышуу өткөрүлдү».

2018-жылдын 16-майында «Львов политехника» Улуттук университетинде кыргыз Эл жазуучусу Мар Байджиевдин «Манас, Семетей, Сейтек жөнүндө» аталышындагы автордук чыгармасы украин тилинде жана Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине арналаган жалпы Украиналык адабий «Всесвiт» журналынын атайын чыгарылышы презентацияланды.

Иш-чарада «Львов политехника» Улуттук университетинин жетекчилиги, студенттери жана Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин, Эл аралык «Саякбай Манасчы» фондунун, украиндердин Кыргызстандагы «Берегиня» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү катышышты.

Презентациянын катышуучулары көп кылымдар бою кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшү менен өнүгүүсүн, социалдык жашоо образын, кыргыз элинин көчмөн салттарын чагылдырган кыргыз элинин «Манас» эпосунун уникалдуулугуна жана Чынгыз Айтматовдун чыгармасынын бийик гуманистик чакырыгына жогорку баа беришти.

Ошондой эле атактуу манасчылардын бири болгон Талантаалы Бакчиевдин жана «Оркестр кыз» деп таанылган Кыргызстандык Мария Наумованын улуттук аспаптар (комуз; ооз комуз; чопо-чоор; чоор) менен аткаруулары, М.Наумова менен украин артисттери тарабынан Ч.Айтматовдун «Ак Кеме» повестинин негизинде коюлган «Бугу Эне тууралуу баян» моно-спектакли иш-чаранын конокторуна жылуу таасир калтырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK