Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин 2021-жылдын 02-февралындагы маалыматтык билдирүүсү

4628

2021-жылдын 02-февралында Кыргыз Республикасынын жаңы Өкмөтүнүн курамы жана программасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралып жаткан учурда, Депутат С.Исманов - “10 күндөн бери Украинада калып жаткан бокс боюнча курама командага Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги жардам бербей жатат”, - деген ойду билдирген.

Депутат С.Исмановдун билдирүүсүндө белгиленген жагдай боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен, Кыргыз Республикасынын Бокс Федерациясынан, Тышкы иштер министрлигинен Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги спортсмендердин Украинага келиши тууралуу маалымат алган эмес.

Депутаттын билдирүүсүнөн кийин, Элчиликтин жооптуу кызматкери дароо Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын машыктыруучусу Д.Джусубалиев менен байланышып, чынында, Украинага 2 спортсмендин келгендиги жана алар 2021-жылдын 15-февралына чейин Сумы областында машыгуу даярданууларда боло тургандыгы тууралуу маалымат алган. Машыктыруучу Д.Джусубалиевдин айтуусу боюнча, жогоруда белгиленген спортчулар эч кандай жардамга муктаж болбогондуктан, Бокс Федерациясы Элчиликтин дарегине кайрылган эмес.

Ушуну менен бирге, Элчиликтин жана Кыргызстандын Бокс Федерациясынын ортосунда 2019-жылдан тарта түз байланыш түзүлүп, спортсмендердин Украинага мелдешке/турнирге катышуу максатында келгенде, машыктыруучулар алдын ала тийиштүү маалыматты Элчиликтин жооптуу кызматкерине билдирет. Өз учурунда Элчилик тарабынан Украинага мелдешке катышуу максатында келген кыргыз спортчуларына колдон келген жана жоопкерчиликтин чегинде бардык тийиштүү жардам көрсөтүлөт (булар тууралуу Элчиликтин сайтында тийиштүү пресс релиздер жарыяланат).

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK