Маалыматтык билдирүү

2364

Украинанын аймагында өзгөчө кырдаал абалы киргизилгендигинен, Украинанын аба байланыш чек арасынын жабылганынан улам Украинадан кетүүнү каалаган Кыргызстандын жарандарын үчүнчү өлкөлөр аркылуу эвакуациялоо алкагында КРнын Тышкы иштер министрлиги төмөндөгүлөрдү маалымдайт. 

2022-жылдын 1-мартында 114 Кыргызстандык жаран - 38 жашы жете элек, 5 студент, 71  чоң адамдар (булардын ичинде 7 жаран украин-венгр чек арасына бара жаткан жолдо кошулган) автобус менен Будапештке жеткирилди. Жарандарды венгер-украин чек арасында КРнын Венгриядагы Элчилигинин кызматкерлери тосуп алышып, Кыргызстандын Венгриядагы Ардактуу консулунун көмөгү менен бардык жардам көрсөтүлүп, тамак-аш, жатакана менен камсыз кылышты. 

Министрликтин тапшырмасы боюнча Кыргызстандын Ардактуу консулдарынын көмөгү менен 2022-жылдын 1-мартында Харьков шаарынан Львово шаарына чейин темир жол транспорту менен кыргызстандык жарандар акысыз негизде алынып келинди. 

Бүгүнкү күнү Польшанын аймагында 90 Кыргызстандын жараны турууда, алардын ичинен жарымы жатакана менен камсыз болушту, жана азыркы кезде калгандарын жайгаштыруу боюнча маселе чечилүүдө.

Киев шаарында жайгашкан Кыргызстандык жарадарды Венгрияга автобус менен алып кетүү боюнча тизме түзүлүүдө.

Ушуга байланыштуу, КРнын ТИМнин Консулдук кызматына +996 551 312 000 телефону аркылуу байланышууну өтүнөбүз. 

Жарандарды чогултуу орду - Киев шаары, "Дачная" темир жол станциясы.

Ошондой эле Львов шаарында да Венгрияга алып чыгуу үчүн тизмеге катталуу жүрүүдө. Элчиликтин байланыш тел. +380 50 776 3494.

Жарандарды чогултуу орду - Львов шаары - Стрий автовокзалы.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK