КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДАРЫНЫН КӨҢҮЛҮНӨ!

5206

COVID-19 дартынын дүйнө жүзү боюнча жайылуусуна карата мындан ары эпидемияны алдын алуу жана азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иш-аракеттерди күчөтүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Элчиликтер жана консулдуктар чет өлкөдө калып жаткан кыргыз жарандарына көмөк көрсөтүү боюнча бардык чараларды көрүп жатышат.

Тез арада өз үйүндө болууну каалаган жарандарды туура түшүнөбүз. Аны менен бирге өзүңүздүн жана үй-бүлөөңүздүн ден соолугуна кам көрүүгө чакырабыз. Анткени пандемиянын учурунда жол жүрүү сизди гана эмес, бүткүл үй-бүлөөңүздү дартты жуктуруп алуу коркунучуна алып келиши мүмкүн.

Азыр колдонулуп жаткан иш-аракеттер сиздерди дарттан сактоого багытталган.

         

Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз.

         

Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги (Молдова, Болгария жана Румыния) карантиндин киргизилиши менен оор жагдайга туш болгон жарандар бардык суроолор боюнча Элчиликтин консулуна кайрылсаңыздар болот. Электрондук кат куржуну: a.kabaev@mfa.gov.kg, телефон номери: +380689033699 (WhatsApp, Viber).

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK