Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чараларды эске алуу менен Кыргыз Республикасына кирүү тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык билдирүүсү

3534

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги КРнын компетенттүү органдарынын 2021-жылдын 8-июнундагы биргелешкен чечими менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата коронавирус инфекциясынын киргизилишинин жана жайылышын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритмине өзгөртүүлөр киргизилгендигин билдирет.

Өзгөртүүлөргө ылайык, өлкөгө кирүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар анализ алынгандан баштап өлкөгө келүүгө чейин акыркы 72 сааттын ичинде тапшырылган ПЧР-тесттин жыйынтыгын же COVID-19га каршы эмдөө алгандыгын тастыктаган документти көрсөтүүсү зарыл.

Жогоруда көрсөтүлгөн талаптар Кыргыз Респубикасында аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын кызматкерлерине да коюлган.

Бул талаптар төмөндөгүлөргө карата колдонулбайт:

-Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын чакыруусунун негизинде келе жаткан чет өлкөлүк расмий делегациялардын жана эл аралык уюмдардын мүчөлөрүнө;

-5 жашка чейинки балдарга;

-КРга шайлоо иш-чараларына карата келе жаткан эл аралык байкоочуларына.

Учуунун узактыгынан күтүлбөгөн жагдайлар же себептерден улам ПЧР-тесттин жыйынтыгынын жарактуу мөөнөтү (72 саат) өтүп кеткен болсо, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар келген өлкөнүн аэровокзалдарынан ПЧР-изилдөөдөн өтсө болот.

Министрлик, COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алгандыгын тастыктаган документ (сертификат) Кыргыз Республикасы тарабынан коюлган тартиптин негизинде таанылуусу керектигине көңүл бурат.

Жогоруда көрсөтүлгөн талаптар төмөнкүлөргө карата колдонулат:

-2021-жылдын 19-июнунан тартып – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын аба аркылуу өткөрүү пункттарынан өтүүчү жарандарына;

-2021-жылдын 12-июнунан тартып - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан жөө өткөрүү пункттарынан өтүүчү жарандарына.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылынын 17-мартындагы №84-р буйругунун колдонушу жөнүндө эскертет, аны менен чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өлкөгө кирүүсүнө убактылуу чектөөлөр төмөнкүлөрдөн башкаларга коюлган:

-өлкөгө аба аркылуу өткөрүү пункттарынан («Манас», «Ош», «Исык-Көл») өтүп келген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдарга;

-келүүсүнүн максатын документтик түрдө тастыктоонун негизинде үй-бүлөсү менен бирге болуу, дарылануу, окуу, жаназага катышуу максатында чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдарга.

Ошону менен бирге, чек арадан өтүүгө жогоруда көрсөтүлгөн  чектөөлөр төмөндөгү чет мамлекеттердин жарандарына коюлбайт (сөзсүз түрдө ПЧР-тесттин жыйынтыгын же эмдөө алгандыгын тастыктаган сертификатты көргөзгөндө):

  1. Россия Федерациясы
  2. Грузия
  3. Азербайжан Республикасы
  4. Армения Республикасы
  5. Беларусь Республикасы
  6. Казакстан Республикасы
  7. Түркмөнстан
  8. Бельгия Королдугу
  9. Австрия Республикасы
  10. Улуу Британия жана Тундүк Ирландиянын Бириккен Падышалыгы
  11. Германия Федеративдүү Республикасы
  12. Ирландия Республикасы
  13. Исландия Республикасы
  14. Италия Республикасы
  15. Латвия Республикасы
  16. Литва Республикасы
  17. Лихтенштейн
  18. Улуу Люксембург княздыгы
  19. Португалия Республикасы
  20. Түркия Республикасы
  21. Швейцария Кофедерациясы
  22. Швеция Падышалыгы
  23. Катар
  24. Бириккен Араб Эмираттары
  25. Кытай Эл Республикасы
  26. Малайзия
  27. Түштүк Корея
  28. Пакистан Ислам Республикасы
  29. Словения Республикасы
  30. Кувейт
  31. Япония
  32. Өзбекстан Республикасы
  33. Венгрия

Министрлик, бул талаптар өлкөнүн аймагына COVID-19 коронавирус инфекциясын киргизбөө жана жайылтпоо максатында кабыл алынгандыгын белгилейт.

Ушуга байланыштуу, Министрлик Кыргыз Республикасына келүүнү алдын ала пландоону өтүнөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK