Катар Мамлекетинин Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль-Тани Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Н. Ниязалиевди кабыл алды

3689

Үстүбүздөгү жылдын 14-февралында Доха шаарында Катар Мамлекетинин Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль-Тани Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нуран Ниязалиевди кабыл алды.

Аудиенциянын жүрүшүндө Элчи Н.Ниязалиев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун саламын жеткирип, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Катар Мамлекетинин Эмири кыргыз-катар мамилелерин тереңдетүү боюнча аткарылып жаткан аракеттерди колдоп, Кыргыз Республикасы менен соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарында ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Катар Мамлекетинин Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль-Тани Элчи Н.Ниязалиевке кыргыз-катар мамилелерин өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн «Аль-Ваджба» орденин ыйгарып, маанилүү милдеттенмелерди аткарууда ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK