ыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Убактылуу ишенимдүү өкүлү Авазбек Атаханов Катар Мамлекетинин Коммерция жана өнөр жай министрлигинин Эл аралык кызматташтык жана келишимдер департаментинин директору Ахмед Ахин менен жолугушуу өткөрдү.

7173

Үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрында Доха шаарында, кыргыз тарабынын демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Убактылуу ишенимдүү өкүлү Авазбек Атаханов Катар Мамлекетинин Коммерция жана өнөр жай министрлигинин Эл аралык кызматташтык жана келишимдер департаментинин директору Ахмед Ахин менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүү маселелерин, анын ичинде Экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык боюнча Кыргыз-катар өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын экинчи жыйынын жана кыргыз-катар ишкерлер кеңешмесинин биринчи отурумун өткөрүү үчүн ыңгайлуу мөөнөттөр боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргыз тарабы Катар Мамлекетине өзүнүн азыктарын, тактап айтканда айыл чарба азыктарын экспорттоого кызыкдар экендигин белгиледи.

Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн Кыргызстан менен Катардын ортосундагы транспорттук жана логистикалык маршруттарды табууну активдештирүүнү макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK