Маданий-гуманитардык кызматташтык

Кыргызстан менен Швейцариянын маданий-гуманитардык кызматташтыгы

Маданий-гуманитардык кызматташуу Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин багыттарынын бири болуп эсептелет. Эки өлкөнүн ортосунда азыркы учурда маданий жана билим берүү тармагында кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюла элек, бирок мындай жагдай бул багыттагы кызматташтыкты өркүндөтүүгө тоскоолдук түзбөйт.

Швейцариялык делегация 2018-жылы Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышты. Акыркы жылдардын ичинде Швейцариянын аймагында Кыргызстандын туризмин, маданиятын, каада-салттарын популяризациялоого багытталган бир катар маданий иш-чаралар уюштурулду. 2018-жылдын жазында Элчиликтин ири иш-чарасы өтүп, анын алкагында Үчүнчү көчмөндөр оюндарынын жана Кыргызстандын туристтик потенциалынын презентациясы жасалды. 2018-жылдын күзүндө Элчилик атактуу кыргыз сүрөтчүсү Д.Устемировдун "Көчмөндөрдүн жан дүйнөсү жана канаттары" аттуу ири көркөм көргөзмөсүн уюштурду жана өткөрдү. 2018-жылдын декабрь айында Элчилик кыргыздын улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган маданий иш-чара уюштурду. Элчинин эң атактуу швейцариялык басылмаларга берген бир катар интервьюлери мамлекеттин маданиятын, үрп-адаттарын жана туризмин даңазалоого багытталган. Акыркы үч жылдын ичинде буга окшогон интервьюлер жана басмалар атактуу "Bilan", "Blick", "Le Matin", "Diplomat" ж.б. басылмаларда чыкты. Элчилик "Pamir Bridges" ("Памир көпүрөлөрү") аттуу швейцариялык уюм тарабынан жылына уюштурулган маданий иш-чаралардын туруктуу катышуучусу болуп эсептелет. Бул уюм "CAMP Ala Too" коомдук фонду жана Кыргызстандын жергиликтүү бийлик органдары менен бирдикте өлкөнүн алыскы региондорунда дарыя көпүрөлөрүн курат. 2016-жылы эки өлкөнүн маданий-концерттик делегациялары менен алмашуу болут өткөн: Швейцарияга кыргыздын атактуу "Ордо-Сахна" фольклордук-этнографиялык тобу концерт менен келип, анын алкагында улуттук кийимдердин коллекциясы көрсөтүлүп, элдик кол өнөрчүлөрдүн улуттук буюмдары, туристтик жана инвестициялык материалдар сунушталган, ал эми Кыргызстанга дүйнөдөгү эң атактуу гитара ансамбльдеринин бири - швейцариялык "EOS" квартети келип, Бишкек менен Ошто классикалык гитара музыкасынын концерттерин берип, М.Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайынын окуучулары жана К.Молдобасанов атындагы улуттук консерваториянын студенттери үчүн мастер-класстарды өткөрүшкөн. Элчилик жылына өткөрүлгөн "ООН-базар" кайрымдуулук ярмаркасынын туруктуу катышуучусу болуп келет жана анын алкагында кыргыздын улуттук буюмдары, Кыргызстандын маданияты, туризми жана каада-салттары тууралуу маалымат материалдары коюлган атайын стенд уюштурат.

Швейцариялык тарап Кыргызстандын студенттери жана мамлекеттик кызматкерлери үчүн ар дайым эң алдыңкы швейцариялык окуу жайларында билим алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Мисалы үчүн, Женевалык коопсуздук саясат боюнча борбор (GCSP) жылына Кыргызстандын 10-15ге жакын өкүлдөрүн эл аралык мамилелер жана коопсуздук маселелери боюнча ар түркүн тажрыйба көтөрүү курстарында окутат. 2018-жылы Элчиликтин көмөктөшүүсү менен КРдин Мамлекеттик кадр кызматынын эки кызматкери Швейцариялык коомдук башкаруу мектебинде билим алышты. Кыргызстандан келген студенттер Швейцариянын эң алдыңкы жана атактуу жогорку окуу жайларында окуп келишет.

Акыркы жылдардын ичинде Элчилик эң алдыңкы швейцариялык басма сөз каражаттарынын репортерлорунун Кыргызстанга барып-келүүсүнө көмөк көрсөтүп, алар өлкө тууралуу, анын маданияты жана каада-салттары жөнүндө съемкаларды жүргүзүштү.