Документтерди мыйзамдаштыруу

Швейцариядан берилген документтерди Кыргызстанда колдонуу максатында легалдаштыруу

2011-жылдын 1-августунда Кыргыз Республикасы Гаага конвенциясына кошулган (1961-ж. кол коюлган). Бул документтин жоболоруна ылайык, Конвенциянын мүчөлөрү тарабынан берилген расмий документтер легалдаштыруу процессинен бошотулат.

Жогоруда айтылган Конвенцияга кошулгандан тартып Швейцариянын тиешелүү органдары тарабынан коюлган апостиль менен документтер Кыргыз Республикасынын аймагында Элчиликтин кошумча тастыктоосу коюлбастан эле жарактуу болуп саналат, анткени жогоруда аталган мамлекеттер дагы бул Конвенциянын мүчөлөрүнүн санына киришет.