Маанилүү маалымат! Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүдө милдеттүү түрүндө ПЧР-тест талап кылынат

2779

2021-жылдын, 1-декабрынан тарта, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өлкө аймагында коронавирустук инфекциянын жаңы штаммынын («омикрон») жайылышын алдын алууга багытталган иш-чаралардын ишке ашырылып жатканын билдирди.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүдө, COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификаты бар-жогуна карабастан, өлкөгө киргенге чейин 72 сааттан эрте эмес жүргүзүлгөн коронавирус инфекциясынын ПЧР тестинин терс жыйынтыгын көрсөтүшү керек.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK