Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Д.Мукашев БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссары Ф.Гранди менен жолугушту.

3709

2021-жылдын 5-мартында, кыргыз тараптын демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Д.Мукашев БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссары Ф.Гранди менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү Д.Мукашев Кыргыз Республикасы менен БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссариатынын (КЖБК) ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун жогорку деңгээлин белгилеп, ошондой эле Ф.Грандиге COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө Кыргызстанга көрсөткөн тийиштүү жардамы үчүн ыраазычылыкты билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен БУУ КЖБКнын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашып; өлкөдөгү долбоордук иш-чараларды уюштуруу, ошондой эле качкындардын, башбаанек издеген адамдардын укуктарын коргоо жана жарандыгы жоктукту андан ары алдын алуу жаатындагы кызматташуусунун өз ара аракеттенүүсүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.

Кыргызстандын жарандыгы жоктугун кыскартуу жаатындагы зор жетишкендиктерин белгилеп, бул маселенин дүйнөлүк коомчулук үчүн маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун эске алуу менен, Туруктуу өкүлү Д.Мукашев БУУ КЖБКнын Башчысына кыргыз тараптын 2021-жылы Кыргыз Республикасында Жарандыгы жоктугун кыскартуу боюнча Эл аралык конференциясын өткөрүүнүн ниетин билдирип БУУ КЖБКны ушул идеяны ишке ашырууда кызматташууга чакырды. Туруктуу өкүл Д.Мукашев ошондой эле Жогорку комиссар Ф.Грандинин жакынкы келечекте Кыргызстанга иш сапарын уюштурууга кызыкдар экендигин билдирди.

Өз кезегинде, Жогорку комиссар Ф.Гранди БУУ КЖБК менен Кыргызстандын ортусундагы кызматташтыгына канааттангандыгын билдирип, уюм өз ишинин алкагында Кыргызстанга ар тараптуу техникалык, эксперттик жана гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгилеп кетип, ошону менен Туруктуу өкүл Д.Мукашев белгилеп кеткен, эки тараптык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча конкреттүү сунуштарды кылдаттык менен карап чыгууга ишендирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK