Өлкө тууралуу маалымат

Швейцария же болбосо Швейцария конфедерациясы - Европа континентинде орун алган өлкө. Борбор шаары- Берн. Бул мамлекет Батыш Европада жайгашып, түндүгүндө Германия, түштүгүндө Италия, батышында Франция, чыгышында Австрия жана Лихтенштейн менен чектешет. Швейцария мамлекет катары 1848-жылы 3 (облустан) кантондон түзүлгөн. Азыр Швейцариянын курамына 26 кантон кирет. Мамлекеттик 4 тил бар. Алар: немис, француз, итальян жана ромонж (ромонж тили 1 гана кантондо колдонулат) тилдери. Швейцария узак убакыттан бери саясий жана аскерий бейтараптыкты сактап келет. Ошол себептен бул өлкөдө көптөгөн ири эл аралык уюмдар жайгашкан.

Швейцариянын мамлекеттик тилдериндеги аталышы ар түрдүү. Мисалы немисче-Schweiz, французча-Suisse, италиянча-Svizzera, ромонжчо-Svizra -деп аталат. Швейцариянын расмий аталышы- Швейцария конфедерациясы - немисче-Schweizerische Eidgenossenschaft, французча-Confédération suisse, италиянча-Confederazione Svizzera, ромонжчо Confederaziun Svizra. Өлкөнүн аталышы XVI кылымда Швиц Schwytz кантонунун(облусунун) негизинде пайда болгон. Байыркы немис тилинен Schwytz аталышын кыргызчага которгондо "өрттөө" -дегенди билдирет. 972-жылы швейцариялыктар өздөрү жашаган Швиц айылындагы калктын тукум уланышына, жер өсүмдүктөрүнүн жакшы өсүшүнө кам көрүү максатында айылдын тегерегиндеги токойлорду ирээтеп, куураган бактарды дайыма өрттөп турушчу. Ошондон улам Shwytz (кыргызча-өрттөө)- деген аталышы пайда болгон. Кийинчирээк австриялыктар тарабынан Schwytz деген аты бурмаланып, азыркы учурда Швиц (немисче- Schweiz) деп айтылып келет. Кыргыздар арасында аталган мамлекет Швейцария -деген аталышы менен белгилүү.

Лихтенштейн, Лихтенштейн княздыгы – Борбордук Европадагы мамлекет. Альп тоолорунда, Швейцария менен Австриянын чек арасында жайгашкан (чек арасынын жалпы узундугу 76 км). Рейн дарыясын жээктей түндүктөн түштүктү карай 28 кмге созулат; Жазылыгы батыштан чыгышты карай 10 кмге чейин. Дүйнөдөгү эң чакан мамлекеттердин бири. Аянты 160 км2. Калкы 35 миң (2010). Борбору – Вадуц. Расмий тили – немис тили. Акча бирдиги – швейцария франкы. Лихтенштейн эки тарыхый облустан турат: Оберланд (Жогорку Лихтенштейн, борбору – Вадуц) жана Унтерланд (Төмөнкү Лихтенштейн, борбору – Шелленберг). Административдик-аймагы жактан 11 коммунага бөлүнөт: Бальцерс, Эшен, Гамприн, Маурен, Планкен, Руггелль, Шан, Шелленберг, Тризен, Тризенберг, Вадуц.

Лихтенштейн – БУУнун (1990), Европа советинин (1978), Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун (1975), Европа эркин соода ассоциациясынын (1991), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.