Дипломатиялык миссиянын башчысы
Султанов Омар Абдыразакович
Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы жана башка эл аралык уюмдардагы
Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү
1962-жылы 18-апрелинде Ош шаарында туулган
Билими:
1979-1984 М.В Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетинин студенти;
1984-1985 М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетинин тарых кафедрасынын стажер-окутуучусу;
1985-1989 М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетинин тарых кафедрасынын аспиранты;
1989 «Д.Эйзенхауэрдин (1953-1960-ж.) Президенттигинин мезгилиндеги АКШ Конгрессиндеги консервативдик коалиция» деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон.
Эмгек жолу:
1989 Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинин тарых кафедрасынын окутуучусу;
1991 Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Тышкы байланыштар бөлүмүнүн эксперти;
1991 Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы;
1991 Вена шаарындагы СССРдин эл аралык уюмдардын алдындагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн 1-катчысы;
1991 Россия Федерациясынын Вена шаарындагы эл аралык уюмдардын алдындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн 1-катчысы;
1993 Кыргызстандын Вена шаарындагы ЕККК/ЕККУдагы жана эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү;
1996 Кыргызстандын Германиядагы жана Ыйык Тактыдагы Элчиси;
1998 Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси;
1999 Женевадагы БУУнун Европалык кеңсесинде жана эл аралык уюмдарда Кыргызстандын Туруктуу өкүлү жана Кыргызстандын Швейцариядагы, Лихтенштейндеги жана Италиядагы Элчиси;
2002 Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
2002-11 SGS NIS SA директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары (Женева, Швейцария) жана SGS SA (Женева, Швейцария) КМШнын өкмөт менен байланыштары боюнча менеджери);
2007-11 «World Innovation Foundation Charity» Директорлор кеңешинин мүчөсү (Берн, Швейцария);
2007-22 «КУБ Менеджмент» (Казакстан) башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси;
2009-10 Кыргыз Республикасынын Финансы министринин кеңешчиси;
17.08.2022 Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы жана башка эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү.
10.01.2023 Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси.
1998-жылы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи дипломатиялык рангы ыйгарылган.
Үй-бүлөлүү, 7 баласы бар.