КРнын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин башчылары менен биргеликте дипломатиялык кызмат органдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгарды

2880

2020-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин (Элчиликтердин, эл аралык уюмдарга караштуу туруктуу өкүлчүлүктөрдүн, башкы консулдуктардын) жетекчилери менен  кеңешме өткөрдү. Иш-чаравидеоконференция форматында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2020-жылы жасалган иштердин жыйынтыктары жана 2021-жылга дипломатиялык кызмат органдарынын негизги милдеттери каралды.

Р.Казакбаев 2020-жылы КР ТИМинин ишинин  маанилүү натыйжаларын, алардын арасынан COVID-19дун кесепеттерине каршы күрөшүү боюнча иштерди өзгөчө  белгиледи. Пандемия адамдар ортосундагы гана эмес, ошондой эле дүйнөдөгү өлкөлөрдүн ортосундагы да өз ара мамилелердин жана коммуникациялардын мүнөзүн түп тамырынан өзгөрткөнүн баса белгиледи.

КР тышкы саясий ведомствосунун башчысы белгилегендей, бул жыл Кыргызстандын дипломаттары - дипломатия тынчтык жана согуш маселелерине гана эмес, ошондой эле гуманитардык кризис мезгилине да талап кылынарын көрсөткөн жыл катары эсте калат. 

«Биздин чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин башчылары жана кызматкерлери,  Сиздер, чет өлкө өнөктөштөр менен үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу, зарыл болгон финансылык, техникалык жана гуманитардык жардамдарды өлкөгө тартуу жана тышкы карыздарды кайра реструктуризациялоого көмөк көрсөтүү менен пандемиянын кесепеттерине каршы күрөшүү боюнча тышкы саясий аракеттерде алдыңкы катарда болдуңуздар», - деп белгиледи Р.Казакбаев.

Андан тышкары КР Тышкы иштер министри мамлекеттин жана анын жарандарынын кызыкчылыктарын коргоо боюнча ТИМдин маанилүү функционалдык иштерине өзгөчө көңүл бурду. Атап айтканда, чет өлкөдөн КР жарандарынын кайтып келишине көмөк көрсөткөнүн белгиледи.

Пандемияга байланыштуу КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин, консулдук кызматтарынын, аймактык бөлүмдөрүнүн күчү менен  чек аралар жабык шарттарда чет өлкөдөн 55 миңге жакын мекендештерди эвакуациялоо жүзөгө ашырылганын маалымдады.

Пандемия башталгандан бери негизги дары-дармектер жана тийиштүү жеке коргонуу каражаттары боюнча орун алган жетишсиздикти жоюу үчүн гана сырттан өлкөгө алдын ала эсептер  боюнча болжол менен жалпы суммасы 100 миллион АКШ долларын түзгөн гуманитардык жардам тартылды. Чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн жардамы менен ИВЛ аппараттары, кычкылтек концентраторлору, тест системалары, лабораториялык тест жүргүзүү үчүн реагенттер, ПЦР-тесттер, жеке коргонуу каражаттары жана башка медициналык жабдыктар алынды.

Дипломатиялык кызмат органдары тарабынан кызыкдар болгон башка мамлекеттик органдар менен катар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине COVID-19 пандемиясын алдын алуу жана аны менен күрөшүү үчүн гана эмес, бюджетти колдоо үчүн да олуттуу жардам көрсөтүлдү.

Бүгүнкү күнгө карата жалпысынан донорлор менен 774,4 млн. АКШ доллар суммасына макулдашуу жетишилди, анын  343,3 млн. доллары сырттан келген финансылык жардам болуп, анын ичинде 271,3 млн. АКШ доллары насыяга берилсе, 72,0 млн. АКШ доллары грант катары берилди.

Азык-түлүк коопсуздугун сактоо, тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча күч- аракекттер жана ал боюнча төлөөлөрдү токтото туруу боюнча иш улантылууда. Акыркы айларда бир катар чет өлкөлүк мекемелердин алдында тышкы карызды тейлөөнү убактылуу токтото туруу жөнүндө макулдашуу жетишилди.

2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодон, анын жыйынтыгы 6-октябрда БШК тарабынан жараксыз деп таанылгандан кийин өлкөдөгү кырдаалды эске алуу менен, Р.Казакбаевпандемиянын оор кесепеттерин жеңүү боюнча өзгөчө шарттарда дипломатиялык кызматтын иштери аларды чечүүгө жана саясий кризистен чыгарууга көмөк көрсөтүү зарылдыгы менен тереңдегенин белгиледи. Ушуга байланыштуу Министрликтик тарабынан  КР Президентинин, КР Премьер-министринин милдетин аткаруучулар тарабынан бекитилген кризиске каршы планы иштелип чыкты. Аны ишке ашыруунун жүрүшүндө Министрлик тарабынан КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен биргеликте Министрлик тарабынан тез арада ички саясий кырдаалдын турукташканы жана эки жана көп тараптуу кызматташуунун алкагында мурда өзүнө кабыл алынган милдеттемелерди аткарууга КРнын ишенимдүүлүгү жана аны кармана турганын, инвестицияларды жана финансылык-техникалык жардам тартуу, ошондой эле мамлекеттик карыздарды жөнгө салуу жөнүндө маалыматтарды берүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында толук масштабдагы иштер жайылтылды.

Бул максаттарда ушул жылдын октябрынан тартып азыркыга чейин КРда да, ошондой эле чет өлкөдө да - бардык өнөктөш-мамлекеттердин жана КР мүчөсү болуп саналган эл аралык уюмдардын мамлекеттик органдарынын расмий өкүлдөрү менен бардыгы болуп 330 жолугушуу/брифингдер, иш-сапарлар, видеоконференцбайланыштар болуп өттү. Алардын баары Кыргызстандагы саясий жана экономикалык абал тууралуу маалымдоо, перспективдүү тармактарга инвестиция тартуу, чакан жана орто бизнести колдоо, чет өлкөлөрдөгү мекендештердин көйгөйлөрүн чечүү багытында болду.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри андан ары келе жаткан 2021-жылы биздин өлкө президенттик жана парламенттик шайлоолор аркылуу өтөрүнө, ал эми Кыргызстандын эли ошондой эле алдыдагы 2021-жылдын 10-январындагы Референдумда башкаруу формасы тууралуу өз көз караштарын айтууга тийиштигине көңүл бурду.

Ушуга байланыштуу КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин башчылары менен болгон кеңешменин жүрүшүндө өлкөдө, анын ичинде чет өлкөлөрдө жайгашкан шайлоо участокторунда да шайлоону ачык, акыйкат жана адилет өткөрүүнүн тарыхый маанилүүлүгү белгиленди. Жүргөн өлкөдөгү учурдагы кырдаалды эске алуу менен, чет өлкөдө добуш берүүдө санитардык-эпидемиологиялык талаптарды камсыз кылуу зарылдыгына өзгөчө басым жасалды.

Жолугушуунун аягында министр Р.Казакбаев жарандардын укуктарын коргоо, чет өлкөдө Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын кармануу, регионалдык интеграциялык процесстерди кеңейтүү, стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди бекемдөө, шериктеш жана достук мамиледеги өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча КРнын бардык чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин комплекстүү аракеттерин улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Андан тышкары ал азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун, экономикалык дипломатиянын алкагында аракеттенүүлөрдү улантуунун, инвестицияларды тартуунун, КРнын региондоруна көмөк көрсөтүүнүн зарылдыктарын белгиледи.

Министр Р.Казакбаев Кыргыз Республикасынын бардык чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жетекчилерине жылдык отчетторун даярдоону жана аны жиберүүнү тапшырды. Жаңы жылдын биринчи күндөрүндө ЖМК өкүлдөрү үчүн брифинг пландалганын, анда 2020–жылдагы КРнын Тышкы иштер министрлигинин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары кошумча чагылдырарын маалымдады.

Мындан ары Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ведомствосу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн тартуу менен жасалган иштери жөнүндө коомчулуктун алдында ай сайын отчет берип турууга ниеттенүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK