"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтер менен калкты камсыздоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

3295

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтер менен калкты камсыздоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2021-жылдын 9-мартындагы № 82 токтомун кабыл алды.

Ушул токтомго ылайык, төмөнкүлөрдүн колдонуу мөөнөтү убактылуу 2021-жылдын 1-сентябрына чейин узартылды:

1. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн же барган жарандардын 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-августуна чейин колдонуу мөөнөтү бүткөн 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорттору үчүн;

2. 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-августуна чейин мөөнөтү бүткөн 2006-жылдын үлгүсүдөгү жалпы жарандык паспорту, Кыргыз Республикасынын 16 жашка чейинки жаранын паспортунан тышкары.

Ошону менен бирге, жогоруда аталган мөөнөтү узартылган паспорттор менен чет мамлекеттердин мамлекеттик чек арасынан өтүп, Кыргыз Республикасына кирүү (кайтып келүү) жана чыгуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

Зарыл болгон учурда, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандары жогоруда көрсөтүлгөн паспорттордун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө тиешелүү белги коюу үчүн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине кайрыла алышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK