Кыргыз Республикасынын БУУнун Женевадагы кеңсесиндеги Туруктуу өкүлчүлүгү БУУнун Эл аралык базарына катышты

915

2022-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Женевадагы Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесиндеги жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлчүлүгү БУУнун Женевадагы Европалык кеңсесинин эң ири кайрымдуулук иш-чарасы - БУУнун Женевадагы кеңсесинин имаратында жыл сайын өтүүчү БУУнун Эл аралык базарына катышты.

Эл аралык базар Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы Аялдар Гильдиясы тарабынан, БУУнун Женевадагы кеңсесинин башкы директору Т.Валоваянын (сүрөттө) колдоосу менен уюштурулган.

БУУнун кеңсесиндеги маданий программанын жүрүшүндө Эл аралык базардын коноктору Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жамаатынын – манасчы Самат Көчөрбаевдин, ырчы Эльзар Өскөнбаеванын, флейтачы Кутманаалы Султанбековдун жана комузчу Бек Алагушов - музыкалык чыгармачылыгы менен таанышты. (сүрөттө)

Кыргызстандын Туруктуу өкүлчүлүгү эки стендди тартуулады: маданий-туристтик жана кыргыз тамак-аштары. (сүрөттө)

Иш-чара ийгиликтүү өттү жана Женева шаарынын тургундарынын, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери (сүрөттө Кыргызстандын жана Индиянын элчилери) менен чет мамлекеттердин жарандарынын көңүлүн бурду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK