Женева кантонунун Экономикалык өнүктүрүү боюнча департаментинин башчысы, Федералдык кеңешчи Пьер Моде мырза менен жолугушуу

5204

2020-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Д.Мукашев Швейцариянын Женева кантонунун Экономикалык өнүктүрүү боюнча департаментинин башчысы, Федералдык кеңешчи Пьер Моде мырза менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстандын региондору менен Женева кантонунун ортосунда экономикалык, социалдык, билим берүү жана башка тармактардагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотуунун жолдору жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикир алмашты. Д.Мукашев 2020-жыл Кыргызстандын Президенти тарабынан Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы болуп жарыялангандыгын, ошондой эле 2018 жана 2019 жж. дагы Региондорду өнүктүрүү жылдары болгондугу тууралуу П.Модеге маалымдап, Кыргыз Республикасынын региондору менен Женева кантонунун ортосунда түздөн-түз байланыштарды орнотууну, анын ичинде, боордоштук мамилелер жөнүндө макулдашууларга кол коюуну сунуштады.

Мындан тышкары, Кыргызстандын Элчиси П.Модеге 2020-жылдын 9-10-июлдарында Бишкек шаарында өткөрүлүүсү пландаштырылган "Европа Биримдиги - Борбордук Азия" форматындагы 1-чи экономикалык форум жөнүндө маалымат берип, Женева кантонуна бул иш-чарага расмий жана ишкерлер делегацияларынын курамында катышуу сунушун киргизди. Өз кезегинде, П.Моде бул чакырууну канааттануу менен кабыл алып, көпчүлүгү коронавирустун келечектеги тарашына байланыштуу болооруна көңүл бурду.  

Тараптар Кыргызстан, анын региондору жана Женева кантонунун ортосундагы өз ара кызматташууну андан ары өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча биргелешкен иштерди улантууга макул болушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK