Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-отурумунун Президенти Абдулла Шахид менен жолугушуу өткөрдү

1974

2022-жылдын 21-февралында Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-отурумунун Төрагасы Абдулла Шахид менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Туруктуу өкүл Аида Касымалиева БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-отурумунун Төрагасына БУУнун Башкы Ассамблеясында Кыргыз Республикасы демилгелеген "2022-жылды тоолордун туруктуу өнүгүүсүнүн эл аралык жылын жарыялоо жөнүндө" резолюциясын бир колдон кабыл алуусуна колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылыгын билдирди, ошондой эле БУУнун алкагында Кыргыз Республикасынын демилгелерин колдоого, анын ичинде "Тоо аймактарын өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттер" жөнүндө жаңы резолюция долбоорун жайылтууга көмөктөшүүгө үмүтүн билдирди.

Тараптар ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-отурумунун жүрүшүндө актуалдуу маселелери боюнча кызматташтыкты жана алдыдагы жогорку деңгээлдеги иш-чараларды талкуулашты.

Өз кезегинде, Төрага А.Шахид Кыргызстандын БУУдагы тоо күн тартибин жайылтуудагы лидерлигин белгилеп, Кыргыз Республикасынын демилгелерин алга жылдырууда бардык жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын июнь айында Мальдив аралдарынын Тышкы иштер Министри Абдулла Шахид БУУнун Башкы Ассамблеясында көпчүлүк добуш менен БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-отурумунун Төрагасы болуп шайланган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK