Кыргыз-белорус кезектеги саясий консультациялары

3113

2021-жылдын 29-июнунда Минск шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Белорус Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деӊгээлинде кезектеги саясий консультациялар болуп өттү.

Аталган консультацияларга Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров жетектеген тышкы саясий мекеменин делегациясы катышты. Белорус тарапты Белорус Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Александр Гурьянов жетектеди.

Консультациялардын алкагында Кыргызстан менен Белорустун ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык  багыттарынын азыркы абалы жана келечеги, келишимдик-укуктук базаны кеӊейтүү, ошондой эле эл аралык уюмдардын, анын ичинде КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ сыяктуу регионалдык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү боюнча маселелер талкууланды.

Андан тышкары, тараптар үстүбүздөгү  жылга карата жогорку жана өтө жогорку деӊгээлдеги саясий контактардын графиктерин белгилешти, аны менен бирге соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-белорус өкмөттөр аралык Комиссиянын кезектеги отурумун өткөрүүнү болжошту.

Консультациялар учурунда, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу өз ара ишенимдин, бирин-бири колдоонун жана достук мамиленин нугунда өнүгүп жатканын белгилешти. Делегация башчылары өз ара кызматташунун бардык багыттары боюнча, анын ичинен Кыргызстан менен Белорустун ЕАЭБ, КМШ, ЖККУдагы мүчөлүгүн эске алып, мындан ары дагы кызматташуунун кеӊейтүүгө жана бекемдөөгө даяр экендиктерин бекемдешти.

Консультациялардын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын ТИМи менен Белорус Республикасынын ТИМнин ортосундагы 2021-2022-жылдарга карата кызматташуу Программасына кол коюшту.

Минскке сапар учурунда Тышкы иштер министринин орун басары А.Мадмаров Белорус Республикасынын Тышкы иштер министри Владимир Макей менен жолугушуусу болду. Жолугушуу учурунда Мадмаров Белорус Республикасы менен салттуу достук жана ишенимдин негизиндеги мамилелерди мындан ары дагы бекемдөөгө ыктай тургандыгын белгилеп, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин атынан Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүү тууралуу чакыруусун Белорус Республикасынын Тышкы иштер министри Владимир Макейге тапшырды.

Мындан тышкары, А.Мадмаровдун Минскке сапарынын алкагында Белорус соода-экономикалык палатасынын Президенти Владимр Улахович менен жолугушуусу болду.

Аталган жолугушуу учурунда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну мындан ары кеӊейтүү жана бекемдөө маселелери талкууланды.

Кыргызстан белорус инвестицияларына ачык экендигин жана алардын инвестициялык демилгелерин жана долбоорлорун колдоого  жана аларды ишке ашырууга  максималдуу  көмөк көрсөтүүгө кыргыз тарап даяр экендигин бекемдеди.

Тараптар эки өлкөнүн ортосунда инвестициялык кызматташууну, анын ичинде биргелешкен ишканаларды Кыргыз Республикасынын аймагында куруу мүмкүнчүлүгүн  мындан ары кеӊейтүү маанилүү экендигине көӊүл бурушту. Белорус тарапка кыргыз-белорус бизнес форумун 2021-жылы Кыргызстанда өткөрүү сунушу берилди.

  • Эки тышкы саясат ведомстволорунун ортосунда кезектеги кыргыз-белорус саясий консультациялары болуп өттү
  • Эки тышкы саясат ведомстволорунун ортосунда кезектеги кыргыз-белорус саясий консультациялары болуп өттү
  • Эки тышкы саясат ведомстволорунун ортосунда кезектеги кыргыз-белорус саясий консультациялары болуп өттү
  • Эки тышкы саясат ведомстволорунун ортосунда кезектеги кыргыз-белорус саясий консультациялары болуп өттү
  • Эки тышкы саясат ведомстволорунун ортосунда кезектеги кыргыз-белорус саясий консультациялары болуп өттү
  • Эки тышкы саясат ведомстволорунун ортосунда кезектеги кыргыз-белорус саясий консультациялары болуп өттү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK