2018-жылы 25-октябрында Минск шаарындагы Янка Купала мамлекеттик адабият музейинде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Адам күн сайын адам болуусу керек” аталган адабий кече болуп өттү.

7362

2018-жылы 25-октябрында Минск шаарындагы Янка Купала мамлекеттик адабият музейинде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Адам күн сайын адам болуусу керек” аталган адабий кече болуп өттү.

Кече Кыргыз Республикасынын Беларус Республикасындагы Элчигинин колдоосу жана демилгеси боюнча өткөрүлдү. Иш-чарага Беларус ТИМинин өкүлдөрү, Минскиде аккредиттелген дипломатиялык миссиялардын башчылары, Эл аралык аялдар Клубунун, чыгармачылык интеллигенциянын, маданият ишмерлеринин, ЖМКлардын өкүлдөрү жана кыргыз студенттери катышышты.

Өз сөзүндө Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчи Кубанычбек Өмүралиев Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын “рухтун, таланттын, интеллектин нукура феномени катары жана азыркы доордун мүнөзүн жана биздин карама-каршы турушубузду толук жана ачык-айкын чагылдырган Чыӊгыз Айтматов өзүнө тарыхтан татыктуу орун таап, элдердин, досторунун жана талантын сыйлагандардын эсинде калды” деп белгиледи.

         Жазуучунун чыгармачылыгы жана инсандык касиети боюнча дипломатиялык корпустун, адабиятчылардын, беларус маданиятынын өкүлдөрү айтып беришти. Конокторго жазуучунун чыгармачылыгына жана жашоо-турмушуна арналган фильмдер жана “Айтматов дипломат” деп аталган сүрөт көргөзмө коюлду. Иш чаранын жүрүшүндө М.Горький атындагы Улуттук драма театрынын актерлорунун аткаруусунда жазуучунун романындагы Эдигейдин монологу аткарылды.

Беларус мамлекеттик университетинин студенти Сооронбай Жусуевдин  Айтматовго арналган “Улуу кыргыз-Чыӊгызга” деген ырын кыргызча көркөм окуп берди.

Жыйынтыгында чакан концерт көрсөтүлүп, анда Ч.Айтматовдун сүйүктүү музыкалык чыгармалары ырдалып, аны Беларус Республикасынын музыка Академиясынын окутуучулары жана студенттери аткарышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK