Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2018-жылдын 28-июлундагы пресс-релизи

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин

2018-жылдын 28-июлундагы пресс-релизи

Беларус Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын  жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган Даниил Урицкий деген ат менен Кыргызстандын мурдагы Премьер-министри Данияр Усенов Беларус Республикасынын расмий бийлигинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен коомдук ачык иш-чарада катышып жүргөндүгү тууралуу маалыматка байланыштуу, бүгүн 2018-жылдын 28-июлунда, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасындагы Беларус Республикасынын ишине Убактылуу ишенимдүү өкүлү С.Иванов чакырылды.

Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасында өмүр бою эркинен ажыратуу мөөнөтүнө соттолгон Данияр Үсөновдун Беларус Республикасынын аймагында эркин жүрүшүнө жана анын ишмердүүлүк менен алектенип жатканына карата каршылыгын билдирген Кыргыз Республикасынын ТИМнин нотасы беларус тарапка  тапшырылды.

Кыргыз тараптын акыркы жылдардагы кыргыз-беларус кызматташуусунун  бардык багыттары боюнча кызматташууну күчөтүү ниеттерине карабай, ошондой эле көп тараптуу КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ интеграциялык уюмдарынын алкагындагы өз ара байланыштарды  эске албай, расмий Минск тарабынан Кыргызстанда мурда соттолгон жогорку бийликтеги адамдарды колдоосу улантылып жатканы кайрадан  эки тараптуу достук мамилелерге зыянын тийгизип жатканын, кыргыз коомчулугунун нааразылыгын, 2010-жылы 7-апрелдеги окуялар учурунда каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарынын сезимдерин козгоп жаткандыгын өкүнүү менен белгиленди.

Кыргыз тарап, Беларус Республикасынын бийликтерин бул кырдаалга карата мамилесин өзгөртүүгө, достук жана өз ара пайдалуу кызматташуу принципатерине туура келе турган эл аралык милдеттемелерин аткарууга чакырат.