Латвиянын Президенти Э.Левитске ишеним грамоталарын тапшыруу аземи

3233

Коронавирус илдетинин дүйнөдө таралышына байланыштуу, ошондой эле латвиялык тарабынан киргизилген чектөөлөрүн эске алуу менен бирге, 2021-жылдын 5-октябрында резиденциясы Минск шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Латвия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Э.Ибраимов Латвия Республикасынын Президенти Эгилс Левитске ишеним жана чакырып алуу грамоталарын тапшырды.

Ишеним грамоталарын тапшыруу аземинен кийин, Элчи Э.Ибраимов Латвиянын Президенти Э.Левитс менен эки тараптуу онлайн жолугушуусу өтүп, анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги эки өлкөнүн кызматташтыгынын бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты.

Элчи Латвиянын Президенти Эгилс Левитске Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун атынан Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата келип түшкɵн куттуктоолору үчүн ыраазычылык билдирип, салам жолдоп жана эң жакшы каалоо тилектерин айтты.

Кыргыз тарабы үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Европа Биримдиги–Борбордук Азия Биринчи экономикалык форумга катышуу үчүн Латвиядан олуттуу расмий жана бизнес делегациясын күтүүдө.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасы Латвия Республикасы менен кызматташуусу, анын ичинде COVID-19 пандемиясынын таралышына каршы биргелешкен иш-аракеттерди күчөтүү боюнча маселелер талкууланды.

  • Элчи Э.Ибраимов Латвиянын Президенти Э.Левитске ишеним грамоталарын тапшыруу онлайн аземине катышты
  • Элчи Э.Ибраимов Латвиянын Президенти Э.Левитске ишеним грамоталарын тапшыруу онлайн аземине катышты

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK