«Эс алуу-2022» аттуу Эл аралык 24-көргөзмө-жарманке

1929

Кыргыз Республикасынын Белорус Республикасындагы Элчилиги Минск шаарында өтүп жаткан туризм багыты боюнча кызмат көрсөтүү «Эс алуу-2022» деп аталган Эл аралык 24-көргөзмө-жарманкеге катышты. Бул көргөзмө «БелЭкспо» Улуттук көргөзмө борбору менен Белорус Республикасынын Спорт жана туризм министрлиги тарабынан  уюштурулган.

Иш-чаранын ачылышына Спорт жана туризм министри Сергей Ковальчук, Кыргызстандын Белорустагы Элчиси Эрмек Ибраимов, Белорус Республикасынын Президентинин иш Башкармалыгынын башчысынын орун басары Антон Краевский, КМШнын Аткаруу Комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Леонид Анфимов, ошондой эле дипломатиялык корпустун, ЖМКлардын, туристик тармактарда алектенген ири компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Аталган көргөзмөнүн алкагында Элчилик тарабынан Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видеотасмалар көрсөтүлүп, көргөзмөнүн катышуучуларына кыргыз студенттеринин өлкөбүз тууралуу презентациялары тартууланды, ошондой эле туризмге байланыштуу буклеттер жана интернет-каражаттарынын даректери көрсөтүлгөн флаэрлер таратылды. 

Бул иштер Кыргыз Республикасыныны Өкмөтүнүн Программасына ылайык өлкөбүздүн туризмин даӊазалоо максатында уюштурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK